2023-05-01 10:12:01
Электр тогуна урунганда биринчи жардам
Электр тогуна урунган кырсыктардын дээрлик жарымы өлүм менен аяктайт.
Ошондуктан кимдир бирөө токко урунуп калса, эмне кылуу керектигин билүү маанилүү. Бул үчүн:
Кырсык болгон жер сиз үчүн коопсуз экенине жана жабырлануучунун электр кубатына тийбешине ынаныңыз.
Эгер жабырлануучу токко тийип калса жана сиз аны кантип өчүрүүнү билбей жатсаңыз, ага жакындабаңыз, дароо тез жардам кызматын чакырыңыз!
Эгер ал жер жана жабырлануучу сиз үчүн коркунучтуу болбосо, жабырлануучунун эсин жана дем алуусун текшериңиз. Эгерде эс-учун жана деми бар болсо, кулагандан күйүк жана жаракат бар-жогун текшериңиз.
Эгер жабырлануучу эси жайында болсо жана эч кандай көзгө көрүнгөн жаракаты жок болсо, тез жардам чакырыңыз.
Текшерүү учурунда жабырлануучунун абалына жараша биринчи жардам көрсөтүү.
Булак
https://t.me/Tamaktanu_ilimi
185 views07:12