Get Mystery Box with random crypto!

КЫСКА-НУСКА

Telegram каналынын логотиби kyskanuska55 — КЫСКА-НУСКА К
Telegram каналынын логотиби kyskanuska55 — КЫСКА-НУСКА
Канал дареги: @kyskanuska55
Категориялар: Uncategorized
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 342
Каналдан сүрөттөмө

Кыска көркөм чыгармалар.
Байланышуу - @tokoevmarat

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

1

1 stars

0


Акыркы Кабарлар 2

2022-07-01 09:12:25 Бред Д. ХОПКИНС

КҮМҮШ ОК

Алты кварталдан бери соода-сатыктын көлөмү азайгандан-азаюуда. Ок-дарыны чыгарган завод эбегейсиз чыгашаларга дуушар болуп, жок болуп жоюлуп кетүү коркунучунун алдында турат.

Аткаруучу директор Скот Филипс анын себебин эч аныктай албады, бирок акционерлердин бардыгы аны күнөөлөп жатышса керек.

Ал столдун суурмасынан револьверди алып, чыкыйына такады да атты. Бирок атылбады.

“Продукциянын сапатын текшерүү бөлүмүн өзүн текшериш керек экен”.

Которгон Марат ТОКОЕВ

#карасөз

#55сөз

#котормо
114 views06:12
Ачык / Комментарий
2022-06-30 09:12:23 Август САЛЕМИ

ЗАМАНБАП МЕДИЦИНА

Фаралардын жарыгы, кулак жарган кычыр-кучур, сыздаткан оору, чыдагыс оору, андан соң жылуу, арбаган көгүлтүр жарык. Джон өзүн өтө бактылуу, жаш, эркин сезип, жаркыраган жарыкка бет алды.

Оору жана караңгылык акырындан кайта баштады. Джон шишик тарткан көздөрүн жай ачты. Бинттер, түтүкчөлөр, гипс. Эки буту ордунда жок. Ыйдан көзү шишиген аялы.

— Жаным, сени аман алып калышты!

#карасөз

#55сөз

#котормо

Которгон Марат ТОКОЕВ
122 views06:12
Ачык / Комментарий
2022-06-29 09:12:40 Нуркамил АБДУЛЛАЕВ

ШИРИН КЫЗ

- Ата, ата дейм. Ботинкаңыш чаң боп каптый, ачып койдум. Ата шага не болду, апамын тамагы жакпадыбы? Мен чоңойгонумда шага шийин, даамдуу тамак жасап бейемин, - деп чулдурап жатты беш жашка чыккан кызы.

Атасы болсо кечээ эле ушул кызы келинчегинин боюнда экендигинде “Мага кыздын кереги жок, алдыр”, - деп кыйкырып аялын капа кылганына аябай өкүнүп, кызынын өмүрүн узак болушун тилеп жатты.

#карасөз
111 views06:12
Ачык / Комментарий
2022-06-28 09:12:18 Алан Е. МАЙЕР

БАКТЫСЫЗДЫК

Бүт денем катуу ооруганынан ойгонуп кеттим. Көзүм ачып, керебетим жанында отурган медайымды көрдүм.

Фуджима мырза, бактылуу экенсиз, — деди ал, — эки күн мурда Хиросимадагы бомбалоодон кийин аман калдыңыз. Эми сиз госпиталдасыз, эч нерседен коркпой эле койсоңуз болот.

Алым жоктугунан, үнүм араң чыгара сурадым:

— Мен каяктамын?

— Нагасакиде, — деди ал.

#карасөз

#55сөз

#котормо

Которгон Марат ТОКОЕВ
113 views06:12
Ачык / Комментарий
2022-06-27 09:12:36 Лариса КЕРКЛЕНД

СУНУШ

Жылдыздуу түн. Эң сонун маал. Шам чырак алдында тамактануу. Итальян рестораны. Кичи кара көйнөк. Укмуш чачтар, балбылдаган көздөр, жылаажын күлкү. Чогуу болгондоруна 2 жыл болду. Керемет жылдар! Чыныгы сүйүү, накта дос, экөө гана. Шампанский! Колун сурайм. Бир тизеге туруп. Адамдар карап калдыбы? Карай беришсин! Кооз бриллиант шакек. Бети албырып, эң татына жылмайганын карачы.

Кандайча, жок?!

#карасөз

#55сөз

#котормо

Которгон Марат ТОКОЕВ
103 views06:12
Ачык / Комментарий
2022-06-26 09:12:43 Мезгил ИСАТОВ

БИР БАШКАЧА КҮН

(новелла)

Тоголок дүйнө—
Токтобой томолонот
Тоголок көздө.

Уйкусураган булуттар таңды жүктөп келатты. Көз ирмемде көтөргөн жүгү кулап, чачыла берди. Нур төгүп келеткан таң төрөлө элек сүрөтчүнүн эң белгилүү сүрөтүнүн сырын ачты. Ар нерсенин соңу сыяктуу. Кош бойлуу келиндин курсагындагы баласы ойгонду. Таң заарлап дагы бир күндүн эшигин ачтым. Жаңы күн башталды. Апаппак барак сыяктуу. Бир жолдун уланышы. Амандык сурашым керек бул күндөн. Бул жолдордон. Улуулуктан. Эмнегедир кечээкиден башкачамын. Кечигүүнү күтүп отурам. Ак жарык ичинде. Мезгилдин үнү угулат, шашып бараткан шамалдагы. Эски бир обондой, өзүнөн өзү эле ырдалып кеткен. Дале мурункудай. Кимдир бирөө таңгалып карап өттү. Ошондо байкадым ырдалып, ырдап жатканымды. Ошондо сени эстедим. Азыр болсон сен тажаганча ырдап бермекмин. Бирок сен жоксун. Эч кимдин келбешин билсем деле күтүп жатам. Бул бир кечигүү. Кээ бир нерселер кечигип келет. Кеч күздөгү махабатка окшош. Ошондуктан, сенден катып койчу сезимдерим бар.

Эски досума бардым. Аны таарынтып жүргөндүгүм үчүн кечирим сурадым. Досум «Бүгүн сен башкачасың» деди. Негедир жолуга элек ойлорго жолукчудай, өмүр бою чекит кое албаган сүйлөмдөргө такалып калдым. Аны кантип жазам? Дале өзүндөй, болгонун болгондой кылып кантип айтып берем? Кээде тагдырдын ирмемдерин өзүндөй окшоштуруп айтып берүүгө мүмкүн эмес. Анткени, өмүр жазуунун дагы тереңинде.

Жолдон ооруканага кайрылдым. Жакын бир эжебиздин ден соолугун сураганы. Эжекем: «Сен дагы келет экенсиң ээ?» — деп таңгалды. Анан, учурунда мага жасаган жакшылыктарын санап берди. Үйгө эртелеп кете бердим. Жамгыр төгө баштады. Ыр тамчылуу. Жашоо-жамгырда калмак, суу болмок, анан жылынмак. Жылынып отуруп эски дептеримди барактап чыктым. Акыркы саптарына келгенимде өзүмө өзүм окшобой турдум. Бир башка мен. Азыр болсо ошол Эски Күндөр менен Жаңы Күндөрдүн арасында жүрөм. Бардыгы аралашып калгансыйт. Эски менен жаңы бирдей. Бардыгы баягыдай. Окшош. Эч кимге окшош жашагым келбейт!

Уйкум келбесе деле эртелеп жатып алдым. Жарым калган түшүмдү улантмак үчүн. Уланууга жаттым. Бир колум менен баскан уйкумду түртүп, бир колум менен качкан уйкумду тартып, бирде уктагым, бирде ойгонгум келет. Бул түндүн тезирээк өтүшүн тиледим. Кетсемби же калсамбы деген сыяктуу, турмушта дайыма ары же бери болууга туура келет. Коңшум келгенде кириңиз дей албадым. «Сага эмне болгон? Бир башкачасың» — деди. Билбейм. Эмне болуп жатканын өзүм да билбейм. Балким өзүмдү карай кетип бараткам. Мени көздөй. Бир башка күн, бир башка мен.

#карасөз
102 viewsedited  06:12
Ачык / Комментарий
2022-06-25 09:29:42 Роберт ТОМПКИНС

ЧЫНДЫКТЫ ИЗДЕП

Акыры бул алыстагы, түнт айылда издегенин тапты. Эскилиги жеткен жыгач кепеде очоктун жанында Чындык отурган эле.

Ал ушунчалык кары жана түрү суук аялды көргөн эмес.

— Чындык сиз болосузбу?

Чүрүшкөн кары башын ийкеди.

— Айтсаңыз, мен башкаларга эмне дейин? Эмне айтайын?

Кемпир отко түкүрүп, жооп берди:

— Мени жаш жана сулуу экен де!

#карасөз

#котормо

#55сөз

Которгон Марат ТОКОЕВ
108 viewsedited  06:29
Ачык / Комментарий
2022-06-24 09:12:40 Джей РИП

ТАГДЫР

Бир гана жол бар, биздин жашоо жек көрүү менен ырахаттын чаташкан түйүнүнө айланып, аны чечүүнүн башка жолу жок эле. Тагдырга ишенели: “орел” – үйлөнөбүз, “решка” – ажырашып кетебиз.

Тыйынды өйдө ыргыттык. Жерге шыңгыр этип кулап, бир аз айланып барып, жатып калды. “Орел”.

Биз тыйынды тунжурап карап туруп калдык.

Анан, сүйлөшүп алгандай чогуу айттык: “Балким, дагы бир жолу?”

#карасөз

#55сөз

#котормо

Которгон Марат ТОКОЕВ
126 views06:12
Ачык / Комментарий
2022-06-23 09:12:19 Нуркамил АБДУЛЛАЕВ

ЖООПСУЗ КАТ

Апасы алыстагы баласына күн сайын кечинде телефондон кат жазаар эле. Баласы болсо кыйратып иштеген киши болуп: “Апа, анан байланышамын, жумуштамын” - деген жообун айтаар эле.

Бир күнү бала адатынча жумуштан кийин барда жаңыдан эле таанышкан досунун туулган күнүн белгилеп жатты. Аңгыча телефонуна “Балам апаңды ээсине тапшырдык. Эми сага эч качан кат жазбайт”, – деген атасынан кат келди...

#карасөз
137 viewsedited  06:12
Ачык / Комментарий