Роберт ТОМПКИНС ЧЫНДЫКТЫ ИЗДЕП Акыры бул алыстагы, түнт айыл | КЫСКА-НУСКА
Роберт ТОМПКИНС
ЧЫНДЫКТЫ ИЗДЕП
Акыры бул алыстагы, түнт айылда издегенин тапты. Эскилиги жеткен жыгач кепеде очоктун жанында Чындык отурган эле.
Ал ушунчалык кары жана түрү суук аялды көргөн эмес.
— Чындык сиз болосузбу?
Чүрүшкөн кары башын ийкеди.
— Айтсаңыз, мен башкаларга эмне дейин? Эмне айтайын?
Кемпир отко түкүрүп, жооп берди:
— Мени жаш жана сулуу экен де!
#карасөз
#котормо
#55сөз
Которгон Марат ТОКОЕВ