Нуркамил АБДУЛЛАЕВ ШИРИН КЫЗ - Ата, ата дейм. Ботинкаңыш чаң | КЫСКА-НУСКА
Нуркамил АБДУЛЛАЕВ
ШИРИН КЫЗ
- Ата, ата дейм. Ботинкаңыш чаң боп каптый, ачып койдум. Ата шага не болду, апамын тамагы жакпадыбы? Мен чоңойгонумда шага шийин, даамдуу тамак жасап бейемин, - деп чулдурап жатты беш жашка чыккан кызы.
Атасы болсо кечээ эле ушул кызы келинчегинин боюнда экендигинде “Мага кыздын кереги жок, алдыр”, - деп кыйкырып аялын капа кылганына аябай өкүнүп, кызынын өмүрүн узак болушун тилеп жатты.
#карасөз