Get Mystery Box with random crypto!

Август САЛЕМИ ЗАМАНБАП МЕДИЦИНА Фаралардын жарыгы, кулак жар | КЫСКА-НУСКА

Август САЛЕМИ

ЗАМАНБАП МЕДИЦИНА

Фаралардын жарыгы, кулак жарган кычыр-кучур, сыздаткан оору, чыдагыс оору, андан соң жылуу, арбаган көгүлтүр жарык. Джон өзүн өтө бактылуу, жаш, эркин сезип, жаркыраган жарыкка бет алды.

Оору жана караңгылык акырындан кайта баштады. Джон шишик тарткан көздөрүн жай ачты. Бинттер, түтүкчөлөр, гипс. Эки буту ордунда жок. Ыйдан көзү шишиген аялы.

— Жаным, сени аман алып калышты!

#карасөз

#55сөз

#котормо

Которгон Марат ТОКОЕВ