Алан Е. МАЙЕР БАКТЫСЫЗДЫК Бүт денем катуу ооруганынан ойгону | КЫСКА-НУСКА
Алан Е. МАЙЕР
БАКТЫСЫЗДЫК
Бүт денем катуу ооруганынан ойгонуп кеттим. Көзүм ачып, керебетим жанында отурган медайымды көрдүм.
Фуджима мырза, бактылуу экенсиз, — деди ал, — эки күн мурда Хиросимадагы бомбалоодон кийин аман калдыңыз. Эми сиз госпиталдасыз, эч нерседен коркпой эле койсоңуз болот.
Алым жоктугунан, үнүм араң чыгара сурадым:
— Мен каяктамын?
— Нагасакиде, — деди ал.
#карасөз
#55сөз
#котормо
Которгон Марат ТОКОЕВ