Джей РИП ТАГДЫР Бир гана жол бар, биздин жашоо жек көрүү мен | КЫСКА-НУСКА
Джей РИП
ТАГДЫР
Бир гана жол бар, биздин жашоо жек көрүү менен ырахаттын чаташкан түйүнүнө айланып, аны чечүүнүн башка жолу жок эле. Тагдырга ишенели: “орел” – үйлөнөбүз, “решка” – ажырашып кетебиз.
Тыйынды өйдө ыргыттык. Жерге шыңгыр этип кулап, бир аз айланып барып, жатып калды. “Орел”.
Биз тыйынды тунжурап карап туруп калдык.
Анан, сүйлөшүп алгандай чогуу айттык: “Балким, дагы бир жолу?”
#карасөз
#55сөз
#котормо
Которгон Марат ТОКОЕВ