Get Mystery Box with random crypto!

Нуркамил АБДУЛЛАЕВ ЖООПСУЗ КАТ Апасы алыстагы баласына күн с | КЫСКА-НУСКА

Нуркамил АБДУЛЛАЕВ

ЖООПСУЗ КАТ

Апасы алыстагы баласына күн сайын кечинде телефондон кат жазаар эле. Баласы болсо кыйратып иштеген киши болуп: “Апа, анан байланышамын, жумуштамын” - деген жообун айтаар эле.

Бир күнү бала адатынча жумуштан кийин барда жаңыдан эле таанышкан досунун туулган күнүн белгилеп жатты. Аңгыча телефонуна “Балам апаңды ээсине тапшырдык. Эми сага эч качан кат жазбайт”, – деген атасынан кат келди...

#карасөз