Get Mystery Box with random crypto!

Лариса КЕРКЛЕНД СУНУШ Жылдыздуу түн. Эң сонун маал. Шам чыра | КЫСКА-НУСКА

Лариса КЕРКЛЕНД

СУНУШ

Жылдыздуу түн. Эң сонун маал. Шам чырак алдында тамактануу. Итальян рестораны. Кичи кара көйнөк. Укмуш чачтар, балбылдаган көздөр, жылаажын күлкү. Чогуу болгондоруна 2 жыл болду. Керемет жылдар! Чыныгы сүйүү, накта дос, экөө гана. Шампанский! Колун сурайм. Бир тизеге туруп. Адамдар карап калдыбы? Карай беришсин! Кооз бриллиант шакек. Бети албырып, эң татына жылмайганын карачы.

Кандайча, жок?!

#карасөз

#55сөз

#котормо

Которгон Марат ТОКОЕВ