Get Mystery Box with random crypto!

Бред Д. ХОПКИНС КҮМҮШ ОК Алты кварталдан бери соода-сатыктын | КЫСКА-НУСКА

Бред Д. ХОПКИНС

КҮМҮШ ОК

Алты кварталдан бери соода-сатыктын көлөмү азайгандан-азаюуда. Ок-дарыны чыгарган завод эбегейсиз чыгашаларга дуушар болуп, жок болуп жоюлуп кетүү коркунучунун алдында турат.

Аткаруучу директор Скот Филипс анын себебин эч аныктай албады, бирок акционерлердин бардыгы аны күнөөлөп жатышса керек.

Ал столдун суурмасынан револьверди алып, чыкыйына такады да атты. Бирок атылбады.

“Продукциянын сапатын текшерүү бөлүмүн өзүн текшериш керек экен”.

Которгон Марат ТОКОЕВ

#карасөз

#55сөз

#котормо