Get Mystery Box with random crypto!

Кыргыз Поэзиясы

Telegram каналынын логотиби kg_adabiyat — Кыргыз Поэзиясы К
Telegram каналынын логотиби kg_adabiyat — Кыргыз Поэзиясы
Канал дареги: @kg_adabiyat
Категориялар: Uncategorized
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 296
Каналдан сүрөттөмө

Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан.
Күнүнө бир ырдан сунушталат.

Ratings & Reviews

5.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

2

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

0


Акыркы Кабарлар 2

2022-06-29 10:01:51 АЙЫЛДАШ ЧАЛ

Бала кыял болобу адам
Карганда…
Бир абышка ынак эле
Балдарга.
 
Сыртка чыгат тийген кезде
Күн чубак.
Чал жанында биз жүрөбүз
Чуркурап.
 
Ар немени айта берип,
Күлдүрүп.
Сыначу эле ким карылуу,
Ким күлүк?
 
Биз ошондо күрөшчүбүз
Аянбай.
Чал отурчу мактоо сөзүн
Табалбай.
 
Күлмүң этет байге бөлөр
Өңдөнүп.
Баарыбызга кемпут берет
Тең бөлүп.
 
Эч кимде жок ыза болуу,
Таарыныч.
Демек, балбан бирөө эмес,
Баарыбыз.
 
Жүрөгүндө жүрөт окшойт
Көп санат.
Эрикпестен эзелкиден
Кеп салат.
 
Жомогу анын кайгылуу да,
Муңдуу да.
Коңур чыккан добушундай
Сырдуу да.
 
Кулак төшөп шуулдаган
Шамалга
Биз ал түнү уктабайбыз
Далайга.
 
Ошол жомок, ошол баян
Өмүрдө.
Көп нерсени али салат
Көңүлгө.
 
Ойго конгон сөздөрдү элеп
Чыпкадай.
Кээ бир түнү чыкчу болдум
Уктабай.
 
Билинбестен кетип калган
Кар өңдүү…
Айлыбыздан ал акылман
Чал өлдү.

Токтосун САМУДИНОВ
118 views07:01
Ачык / Комментарий
2022-06-28 10:00:59 * * *
Бийле бүгүн, бийле баарын унутуп,
Бул турмуштун биз таналбас жагы көп.
Сен жалтаңдап, карай бербе мен жакты,
Бийле, өмүрдүн биз кулпунтар чагы деп.
Жакшы түштөй бейгам ушул кечибиз,
Биз көп тарткан бул тагдырдын жүгүнөн.
Мен аярлап бөлүп турам өзүңдү,
Санааркатар күздүн бейпай үнүнөн.
Сен турмушта ойноп кеттиң жашынмак,
Ушул шойком музыканын шаңындай.
Тагдыр болуп, тагдыр бөлгөн жол болуп,
Калдык эми бул өмүрдө табылбай.
Бийле бүгүн, бийле мени суктантып,
Бүгүн сени кызгангым жок кыздардан.
Алпурушкан дүйнө-өмүргө бир келер,
Биз жаштыктын төрүндөбүз нур жанган.
Бийле бүгүн, бийле мени суктантып,
Бүгүн сени кызгангым жок кыздардан.

Айгүл УЗАКОВА
114 views07:00
Ачык / Комментарий
2022-06-27 18:00:26 @like БИР КЕЗДЕГИ БИР ЫРДЫН СЫНАГЫНАН

Учурда интернетте өткөрүлгөн адабий сынактар кадыресе көрүнүшкө айланып калды. Бул жаатта өзгөчө Олжобай Шакир өзүнүн http://ruhesh.kg/ сайтында жакшы аракеттенип жатат.

Сынактар адабий процесстин жанданышына, активдүү жүрүшүнө, акын-жазуучулардын арасында чыгармачыл атаандаштыктын пайда болушуна (атаандаштык адабияттын өнүгүүсүнө жакшы дем берет эмеспи), ошондой эле жаңы ысымдардын табылышына жакшы өбөлгө түзөт. Ушуга байланыштуу Олжобай Шакирдин аракеттери кубаттоого гана татыктуу.

Бир кезде кыргыз адабиятынын жашоосу такыр эле дымып калгандай сезилген. Мына ошондо "Кыргыз маданият борбору" адабий сынакты уюштуруу демилгесин көтөрүп, аны өткөрүүнү өзү колго алган эле. Жаңылышпасам, бул интернеттеги алгачкы кыргыз тилиндеги адабий сынактардан болушу керек.

Толугу менен бул жерде - https://graph.org/Bir-kezdegi-bir-yrdyn-synagynan-07-20
119 views15:00
Ачык / Комментарий
2022-06-27 10:01:47 ЖАРЫК КҮН

Төгүлгөн кирпиктериң
жылмышып жамалыман,
Оролуп бүт денеме,
куланат таманыма.
Чалынып кээде кулап…
тебелеп келе жатам,
Күн сенин кирпигиңди
тирүүлүк дабанынан.
Оролуп бүт денеме
кулаган таманыма.
 
Ага да оо, жарык Күн,
салбастан кабагыңды,
Эң алгач өзүң сурап
ден- соолук абалымды.
Аймалап алтын жебең
көөдөндөн кере жыттап,
Жүрөккө берип турат
жашоону шар агымдуу.
Айнекти жарып өтүп
салбастан кабагыңды.
 
Жадырап, оо, жарык Күн,
салбастан кабагыңды,
Ар таңда өзүң сурап
келесиң абалымды.
 
Маметибраим ЖАНЫБЕКОВ
130 views07:01
Ачык / Комментарий
2022-06-26 10:01:04 * * *

Улам алга карегибиз үңүлүп,
Узак жолдор дөңгөлөккө түрүлүп,
Жетип түштүк Ысык-Көлдүн жээгине
Толкун бизди тосуп чыкты жүгүрүп.

Күн балбылдап батаарга аз калыптыр,
Теңи асмандын өрттөнчүүдөй жаныптыр.
Көлдүн бети кызыл манат көпүрө
Ак булуттар кошо албырып алыптыр.

Тиктеп турдук алоолонгон тарапты,
Күн кылкылдап тоого чөгүп баратты.
Таңда кайра чыгат күлүп баткан Күн
Тагдыр кайра бербейт ушул сагатты.

Жел акырын жортуп турду айдарым,
Желбиретип көңүлдөрдүн байрагын.
Салды ойго батып кеткен Күн бирок
Самап келсек махабаттын  майрамын.

Эмнегедир кызык менин абалым,
Эрип аздап муунуп бошоп барамын.
Көрбөсүн деп көзгө толгон жашымды
Кыйгач басып  Көл кыйырын карадым.

Көз жашымдан Көлдүн үстү мунарык,
Толкун улам кумга жумшак куланып,
“Калгылачы,  түнү бүгүн биз менен” –
деп шыбырап жатты акырын суранып.

Сен да үндөбөй тура бердиң кыйлага,
Мен дагы азыр албай турдум жыйнала.
Арманымды жутуп  турам ичиме
А сен Сүйүү башка арга жок,  ыйлаба.

Элмира АЖЫКАНОВА
131 views07:01
Ачык / Комментарий
2022-06-25 10:03:01 ӨМҮРГӨ

Шамал айдап көлдүн киргилт көбүгүн,
Кашка суудай мөлт дей түшкөн өмүрүм,
Жыл айланып, өткөн сайын жаштык күн
Улам сулуу, улам ысык көрүндүң.

Мива бактай жемишимен күбүлбөй
Өстүм дуулап, эртеңкимен түңүлбөй,
Ай балалык, асыл нерсе экен го
Учкан куунун канатынын күчүндөй.

Кеттим алыс, кеңдигимен кемибей,
Кери тарткан кербестикке жеңилбей,
Ай балалык, жыргал нерсе экен го
Карлыгачтын канатынын желиндей.

Жарым саат, кабак чытып кайгырбай,
Арамдыкка абийиримди алдырбай,
Өмүр деген — сергек нерсе экен го
Жаздын күнү тып-тып тамган жамгырдай.

Күлдүм ачык, бир да жерди карабай,
Досторума кылдай кастык санабай,
Өмүр деген — дайым жапжаш нерсе экен
Улам жаңы жаратылган баладай.

Билсин бизди, жаш муундар мактасын,
Эскиртпесин эстеринде сактасын,
Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс
Артыбызда өлбөй турган эл калсын.

Алыкул ОСМОНОВ
135 views07:03
Ачык / Комментарий
2022-06-24 10:02:01 ТҮНКҮ ЖАЗ

Жүрөгүмдөн дүпүрөтүп ойлорду,
Жүрөгүмдөн дүпүлдөтүп жолдорду.
Поезд өтөт, түнкү он эки. Түнкү жаз.
Бүгүн түнү жаз да мендей ойгообу?
Укчу жазым, бүгүн мынча буулуктум.
Тамырлашым айтайынчы төгүп муң.
...Эгер сага барган болсо сүйгөнүм,
Көтөрүнүп менден калган сүлдөрүн.
Көөнөрбөшкө антын алгын чоочун кыз,
Торгой болуп ырдап берсин күндө миң!
Тааныбаймын татынакай жандырсың,
Сүйдүр дагы, бүт денесин жарга урсун.
Тааныбаймын назбы...сузбу...дүйнөңдү,
Билем, бирок сени алгач сүйгөнүн.
Жакшыдырсың, мен да сендей жакшымын,
Жашайлычы элеси деп жакшынын.
Мен тепселсем - аялзатсың сен дагы,
Сен тепселсең - ал да менин тагдырым.
Өзүң мени жакшы тааныйт экенсиң,
Бирок...бирок... кызганасың бекер сен!
Бир көрбөгөм маңдайың да жарыктыр,
Сен көргөндөй менде дагы жарык бар.
Анда эмнеге суроо коюп артымдан,
Анда эмне назик аял жаркындан,
Бак талашат дедиңби? Жок, затташым.
Көөдөнүмө эч бир такты калтырбайм.
Кыздар, кыздар катар өскөн гүлдөйүм.
Сезеличи сезимдердин бирдейин.
Сен ыйласаң бакытыңды жулдуруп,
Анда мен да ошол сындуу күндөмүн.
Тегеренем бардык жакты караймын,
Жылдыздарым, барбы сенин жан-айбың.

Афина БАКИРОВА
133 views07:02
Ачык / Комментарий
2022-06-23 10:01:09 САРЫ

Асман аздап кочкул түскө боёлуп,
чөккөн күүгүм чирик барик жыттанат.
Кечээгимдей бүгүн дагы ой ооруп,
кечээгимден бүгүн үмүт кыскараак.

Жол тозоңу, жолоочунун көктүгү,
шагы сынган сагынычтын арааны
басаңдады, улам жылдар эскирип,
азаңдады улам эргүү шамалы.

Эсиңдеби? Себептерге эбептер
кайчы түшкөн күзгү кечте ушундай,
жалгыз аяк аллеяда теректер
баригинен коңур нымдуу жыт урган?

Капалантпа, жайыма кой, күзгү бак!
Жолу кайчы акыл менен жүрөктүн.
Аздан кийин жылдыз күйүп, ай чыгат,
асманда да өз нуру бар мүнөттүн.

Бардыгына тойдум, койгун унутуп!
Сагыныч да жанбай калса, муздамак.
Аллеяда жалгыздыгым дымытып,
асман, күүгүм, чирик барик жыттанат…

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ
143 views07:01
Ачык / Комментарий
2022-06-22 10:02:07 КЕЛДИҢБИ, ЖАЗ

Келдиңби жаз?
Келгениңден кагылып...
Калдалактап, карбаластап, сүрдөймүн.
Быйыл сени күттүм эле зарыгып,
неге күттүм, неге эңседим билбеймин...

Күткөм сени, күткөм өңдөн азып мен,
гүлүңдү искеп, күн чубактап, жыргайын.
Кирип турган дарыяңдай ташып мен,
төгүп турган жамгырыңдай ыйлайын…

Кайда барат билбейм өмүр кайыгы,
катмарлоодо өкүнүчтөр ичтеги.
Жыртылгансып жүрөгүмдүн жарымы,
жылдан жылга үшүтүүдө кыш мени.

Тытты бороон көңүлдөгү үзүктү,
тешип өтүп туш-тараптан жетим жел.
Быйыл кышта мени катуу үшүттү,
муздак көздөр, ызгаар сөздөр, сезимдер.

Келдиңби жаз?
Келгениңден садага...
Көрүп сени көңүлдүүмүн, кененмин.
Кышкы ызгаарда ташталып бир талаага,
кызыгыңды көрбөймбү эми дегенмин.
Келдиңби жаз?
келгениңден садага…

Зайырбек АЖЫМАТОВ
161 views07:02
Ачык / Комментарий
2022-06-21 10:01:02 СҮЙГҮМ КЕЛЕТ

Кыздар сулуу, татынакай баары эле,
Сүйгөн сайын сүйгүм келет дагы эле.
Карагаттай көздөрүнөн айлануу,
Бул турмуштун бир керемет жагы эле.
 
Күндөн күнгө жылган сайын ары да,
Сүйгөн сайын сүйгүм келет дагы да.
«Кайсыл күнү сүйбөй калам», – деп коркпой,
Сүйө бергин сүйүү жетет баарына.
 
«Махабат», – деп миӊ кайталап келебиз,
Жылдан жылга карып барат денебиз.
Улгайсак да кара чачтар ак болуп,
Ак сүйүүдө биз ымыркай элебиз.

Улан МАМБЕТЖАНОВ
169 views07:01
Ачык / Комментарий