Get Mystery Box with random crypto!

* * * Улам алга карегибиз үңүлүп, Узак жолдор дөңгөлөккө түрү | Кыргыз Поэзиясы

* * *

Улам алга карегибиз үңүлүп,
Узак жолдор дөңгөлөккө түрүлүп,
Жетип түштүк Ысык-Көлдүн жээгине
Толкун бизди тосуп чыкты жүгүрүп.

Күн балбылдап батаарга аз калыптыр,
Теңи асмандын өрттөнчүүдөй жаныптыр.
Көлдүн бети кызыл манат көпүрө
Ак булуттар кошо албырып алыптыр.

Тиктеп турдук алоолонгон тарапты,
Күн кылкылдап тоого чөгүп баратты.
Таңда кайра чыгат күлүп баткан Күн
Тагдыр кайра бербейт ушул сагатты.

Жел акырын жортуп турду айдарым,
Желбиретип көңүлдөрдүн байрагын.
Салды ойго батып кеткен Күн бирок
Самап келсек махабаттын  майрамын.

Эмнегедир кызык менин абалым,
Эрип аздап муунуп бошоп барамын.
Көрбөсүн деп көзгө толгон жашымды
Кыйгач басып  Көл кыйырын карадым.

Көз жашымдан Көлдүн үстү мунарык,
Толкун улам кумга жумшак куланып,
“Калгылачы,  түнү бүгүн биз менен” –
деп шыбырап жатты акырын суранып.

Сен да үндөбөй тура бердиң кыйлага,
Мен дагы азыр албай турдум жыйнала.
Арманымды жутуп  турам ичиме
А сен Сүйүү башка арга жок,  ыйлаба.

Элмира АЖЫКАНОВА