Get Mystery Box with random crypto!

СҮЙГҮМ КЕЛЕТ Кыздар сулуу, татынакай баары эле, Сүйгөн сайын | Кыргыз Поэзиясы

СҮЙГҮМ КЕЛЕТ

Кыздар сулуу, татынакай баары эле,
Сүйгөн сайын сүйгүм келет дагы эле.
Карагаттай көздөрүнөн айлануу,
Бул турмуштун бир керемет жагы эле.
 
Күндөн күнгө жылган сайын ары да,
Сүйгөн сайын сүйгүм келет дагы да.
«Кайсыл күнү сүйбөй калам», – деп коркпой,
Сүйө бергин сүйүү жетет баарына.
 
«Махабат», – деп миӊ кайталап келебиз,
Жылдан жылга карып барат денебиз.
Улгайсак да кара чачтар ак болуп,
Ак сүйүүдө биз ымыркай элебиз.

Улан МАМБЕТЖАНОВ