Get Mystery Box with random crypto!

САРЫ Асман аздап кочкул түскө боёлуп, чөккөн күүгүм чирик бар | Кыргыз Поэзиясы

САРЫ

Асман аздап кочкул түскө боёлуп,
чөккөн күүгүм чирик барик жыттанат.
Кечээгимдей бүгүн дагы ой ооруп,
кечээгимден бүгүн үмүт кыскараак.

Жол тозоңу, жолоочунун көктүгү,
шагы сынган сагынычтын арааны
басаңдады, улам жылдар эскирип,
азаңдады улам эргүү шамалы.

Эсиңдеби? Себептерге эбептер
кайчы түшкөн күзгү кечте ушундай,
жалгыз аяк аллеяда теректер
баригинен коңур нымдуу жыт урган?

Капалантпа, жайыма кой, күзгү бак!
Жолу кайчы акыл менен жүрөктүн.
Аздан кийин жылдыз күйүп, ай чыгат,
асманда да өз нуру бар мүнөттүн.

Бардыгына тойдум, койгун унутуп!
Сагыныч да жанбай калса, муздамак.
Аллеяда жалгыздыгым дымытып,
асман, күүгүм, чирик барик жыттанат…

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ