Get Mystery Box with random crypto!

КЕЛДИҢБИ, ЖАЗ Келдиңби жаз? Келгениңден кагылып... Калдалакта | Кыргыз Поэзиясы

КЕЛДИҢБИ, ЖАЗ

Келдиңби жаз?
Келгениңден кагылып...
Калдалактап, карбаластап, сүрдөймүн.
Быйыл сени күттүм эле зарыгып,
неге күттүм, неге эңседим билбеймин...

Күткөм сени, күткөм өңдөн азып мен,
гүлүңдү искеп, күн чубактап, жыргайын.
Кирип турган дарыяңдай ташып мен,
төгүп турган жамгырыңдай ыйлайын…

Кайда барат билбейм өмүр кайыгы,
катмарлоодо өкүнүчтөр ичтеги.
Жыртылгансып жүрөгүмдүн жарымы,
жылдан жылга үшүтүүдө кыш мени.

Тытты бороон көңүлдөгү үзүктү,
тешип өтүп туш-тараптан жетим жел.
Быйыл кышта мени катуу үшүттү,
муздак көздөр, ызгаар сөздөр, сезимдер.

Келдиңби жаз?
Келгениңден садага...
Көрүп сени көңүлдүүмүн, кененмин.
Кышкы ызгаарда ташталып бир талаага,
кызыгыңды көрбөймбү эми дегенмин.
Келдиңби жаз?
келгениңден садага…

Зайырбек АЖЫМАТОВ