Get Mystery Box with random crypto!

ЖАРЫК КҮН Төгүлгөн кирпиктериң жылмышып жамалыман, Оролуп бүт | Кыргыз Поэзиясы

ЖАРЫК КҮН

Төгүлгөн кирпиктериң
жылмышып жамалыман,
Оролуп бүт денеме,
куланат таманыма.
Чалынып кээде кулап…
тебелеп келе жатам,
Күн сенин кирпигиңди
тирүүлүк дабанынан.
Оролуп бүт денеме
кулаган таманыма.
 
Ага да оо, жарык Күн,
салбастан кабагыңды,
Эң алгач өзүң сурап
ден- соолук абалымды.
Аймалап алтын жебең
көөдөндөн кере жыттап,
Жүрөккө берип турат
жашоону шар агымдуу.
Айнекти жарып өтүп
салбастан кабагыңды.
 
Жадырап, оо, жарык Күн,
салбастан кабагыңды,
Ар таңда өзүң сурап
келесиң абалымды.
 
Маметибраим ЖАНЫБЕКОВ