Get Mystery Box with random crypto!

ТҮНКҮ ЖАЗ Жүрөгүмдөн дүпүрөтүп ойлорду, Жүрөгүмдөн дүпүлдөтүп | Кыргыз Поэзиясы

ТҮНКҮ ЖАЗ

Жүрөгүмдөн дүпүрөтүп ойлорду,
Жүрөгүмдөн дүпүлдөтүп жолдорду.
Поезд өтөт, түнкү он эки. Түнкү жаз.
Бүгүн түнү жаз да мендей ойгообу?
Укчу жазым, бүгүн мынча буулуктум.
Тамырлашым айтайынчы төгүп муң.
...Эгер сага барган болсо сүйгөнүм,
Көтөрүнүп менден калган сүлдөрүн.
Көөнөрбөшкө антын алгын чоочун кыз,
Торгой болуп ырдап берсин күндө миң!
Тааныбаймын татынакай жандырсың,
Сүйдүр дагы, бүт денесин жарга урсун.
Тааныбаймын назбы...сузбу...дүйнөңдү,
Билем, бирок сени алгач сүйгөнүн.
Жакшыдырсың, мен да сендей жакшымын,
Жашайлычы элеси деп жакшынын.
Мен тепселсем - аялзатсың сен дагы,
Сен тепселсең - ал да менин тагдырым.
Өзүң мени жакшы тааныйт экенсиң,
Бирок...бирок... кызганасың бекер сен!
Бир көрбөгөм маңдайың да жарыктыр,
Сен көргөндөй менде дагы жарык бар.
Анда эмнеге суроо коюп артымдан,
Анда эмне назик аял жаркындан,
Бак талашат дедиңби? Жок, затташым.
Көөдөнүмө эч бир такты калтырбайм.
Кыздар, кыздар катар өскөн гүлдөйүм.
Сезеличи сезимдердин бирдейин.
Сен ыйласаң бакытыңды жулдуруп,
Анда мен да ошол сындуу күндөмүн.
Тегеренем бардык жакты караймын,
Жылдыздарым, барбы сенин жан-айбың.

Афина БАКИРОВА