Get Mystery Box with random crypto!

* * * Бийле бүгүн, бийле баарын унутуп, Бул турмуштун биз тана | Кыргыз Поэзиясы

* * *
Бийле бүгүн, бийле баарын унутуп,
Бул турмуштун биз таналбас жагы көп.
Сен жалтаңдап, карай бербе мен жакты,
Бийле, өмүрдүн биз кулпунтар чагы деп.
Жакшы түштөй бейгам ушул кечибиз,
Биз көп тарткан бул тагдырдын жүгүнөн.
Мен аярлап бөлүп турам өзүңдү,
Санааркатар күздүн бейпай үнүнөн.
Сен турмушта ойноп кеттиң жашынмак,
Ушул шойком музыканын шаңындай.
Тагдыр болуп, тагдыр бөлгөн жол болуп,
Калдык эми бул өмүрдө табылбай.
Бийле бүгүн, бийле мени суктантып,
Бүгүн сени кызгангым жок кыздардан.
Алпурушкан дүйнө-өмүргө бир келер,
Биз жаштыктын төрүндөбүз нур жанган.
Бийле бүгүн, бийле мени суктантып,
Бүгүн сени кызгангым жок кыздардан.

Айгүл УЗАКОВА