Канал дареги:
Категориялар:
Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер:
3.77K
Каналдан сүрөттөмө
Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod
Ratings & Reviews
Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
0
4 stars
1
3 stars
1
2 stars
0
1 stars
1
Акыркы Кабарлар 176
2021-02-08 14:33:04
Жарандарды 600 миң доларга алдаган деп шектелген Дөлөтбак Акимканов кайра кармалды.
Ал январь айында Финпол тарабынан кармалгандан кийин соттун чечими менен үй камагына чыгып кеткен.
Шектүү бул жолу дагы Финпол тарабынан кармалган.
Акимканов мурда документтерди жасалмалоо жана алдамчылык боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
сүрөт: Финпол
@SputnikКыргызстан
1.8K viewsedited 11:33
2021-02-08 13:06:37
Садыр Жапаров өзүнүн портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт.
Ал муну элдин турмушун жакшыртуу жаатында эч нерсе жасай электиги менен байланыштырган.
"Садыр Жапаровдун пикиринде, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү максатка ылайык келет ", — деген президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек.
@SputnikКыргызстан
818 views10:06
2021-02-08 09:39:59
1-марттан тартып Бишкек шаарында бардык мектептер менен бала бакчалар ачылат.
Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы учурлардын саны аз болуп, эпидкырдаал ушу бойдон сакталса гана ачыларын кошумчалады.
@SputnikКыргызстан
843 views06:39
2021-02-08 09:18:12
Кыргызстанда жаңы шаар пайда болот
Жаңы шаар Базар-Коргон районундагы беш айыл жана алты калктуу конуштун биригүүсү менен түзүлөт.
Эми райондун борбору Базар-Коргон шаары деп аталат.
Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Кыргызстанда 31 шаар болсо Базар-Коргон менен 32 болот.
@SputnikКыргызстан
836 viewsedited 06:18
2021-02-08 08:27:29
Былтыр Кыргызстандын мамлекеттик карызы 346 миллион 940 миң долларга өстү.
Учурда жалпы мамлекеттик карыз 4 миллиард 928 миллион 67 миң доллар.
Тышкы карыз — 4 миллиард 850 миллион 730 миң доллар
Ички карыз — 708 миллион 360 миң доллар
Быйыл Кыргызстан мамлекеттик карыз үчүн 37 млрд сомдон ашык рекорддук суммадагы акча төлөйт.
@SputnikКыргызстан
855 views05:27
2021-02-08 06:20:48
8-февралга карата коронавирус боюнча статистика:
42 жаңы учур катталды (бардыгы 85 113)
79 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 81 714)
беш адам каза болду (бардыгы 1 431)
@SputnikКыргызстан
823 viewsedited 03:20
2021-02-07 13:36:05
Аламүдүн — 1 кичи району, Ауэзов көчөсү.
Окурман жол салынганы менен жөө
адамдарга шарт түзүлбөй калганын айтты.
Видеодон баласын коляскага сүйрөгөн аял аргасыздан унаалар өткөн жол менен кетип баратканын көрүүгө болот.
Күбө жолдун эки тарабында тең ушундай көрүнүш экенин белгилеп,
мэриядан көңүл буруп коюуну өтүнгөн.
@SputnikКыргызстан
937 views10:36
2021-02-07 13:28:09
Саясатчы Өмүрбек Бабанов атканадан чыккан өрт боюнча Facebook баракчасы
аркылуу үн катты.
Буга чейин социалдык тармактын айрым колдонуучулары Өмүрбек Бабановдун атканасы өрттөнүп жатканын жазып, видеосун жүктөп, аны бирөөлөр атайын эле өрттөшү мүмкүн деп боолголошкон.
"
Өрт 4-февралда түшкү саат 13:25те болгон, бул тиричиликке байланыштуу окуя. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Ошондуктан сиздерден эрте тыянак чыгарбоону суранабыз. Ыракмат!" — деп жазган Бабанов.
Бабанов тынчсызданган адамдардын баарына жана жерине ыкчам келген Өрт өчүрүү кызматына ыраазычылык билдирген.
@SputnikКыргызстан
867 views10:28
2021-02-07 10:49:48
Бишкекте милициянын автоунаасы жол кырсыгына кабылды.
Бүгүн, 7-февралда, Профсоюзная көчөсүндө милициянын автоунаасы катышкан жол кырсыгы катталды.
Маалыматты Кайгуул милициясынын маалымат кызматы тастыктады. Ага ылайык, милициянын автоунаасы Nissan үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк менен кагышкан.
Кырсыктан экинчи автоунаадагы бир адам жабыркаган. Эки автоунаа тең атайын жайга токтотулуп, экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдар Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
@SputnikКыргызстан
1.5K views07:49
2021-02-02 15:25:21
"Билайн" аталышы менен таанылган "Скай Мобайл" компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Кражан кармалды.
Ал байланыш операторунун лицензиясын мыйзамсыз кайра каттоодо өкмөттүн жогорку кызмат адамына пара бергени айтылууда.
@SputnikКыргызстан
428 viewsedited 12:25