2021-02-09 10:34:08
Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болгон Эрмек Нургазиев тууралуу.
Ал курулуш бизнесинен келген. Анын атына жети менчик компания катталган. Үчөөнү биргелешип негиздегени көрсөтүлгөн. Октябрдагы парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышкан.
Мэрдин милдетин аткаруучу маалымат жыйында сөзүн аялга эмне себептен кол көтөгөнүн түшүндүрүүдөн баштады. Анын айтымында, аял биринчи чапка, анан ал жооп кайтарган.
Ал үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечкиси келет. Баса, ал өзү дагы үлүшчү — учурда беш батир курулуп жаткандыгын айтты. Ошондой эле эки курулуш кооперативинин төрагасы болгон.
Аны мэрликке Садыр Жапаровдун айланасындагы адамдар түртмөлөгөн, өзү президент менен жолугуп пландарын талкуулаган.
Бардык кирешелерди электрондук форматта көрү үчүн мэрияны толук санариптештиргиси келет.
Бишкекте муниципалдык банк ачуу ниети бар. Ал өзүнүн банкы аркылуу транспорттук өндүрүш ишканалары менен "иштөө жана байланышуу жеңилирээк болот" деп эсептейт.
Ал мерлик кызматта 2 ай иштөө маанисиз деп эсептейт. Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин мэр болгусу келет.
@SputnikКыргызстан
700 views07:34