Get Mystery Box with random crypto!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Канал дареги: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категориялар: Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер: 3.77K
Каналдан сүрөттөмө

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 174

2021-02-10 14:09:57
Бишкекте жаш баланы сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу кармалды.

Окуя 7-феварль күнү 7-апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кырсыктан жабыркаган жаш бала ооруканага жеткирилген.

Кылмышка шектүү катары 26 жаштагы адам кармалды.

Видео: instagram/@bolotibragimov

@Sputnik_Kyrgyzstan
1.3K views11:09
Ачык / Комментарий
2021-02-10 13:38:14
Бишкекте жолбун иттерди атууга каршы митинг өттү.

Шаардык мэриянын алдына чогулган 30га жакын адам колдоруна жаныбарларды коргоого үндөгөн баракчаларды кармап алышкан.

Митингчилер менен турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр жолукту. Ал иттерге деп баш калкалоочу жай үчүн жер бөлүнгөнүн, бирок ага акча керектигин айтты.

Соңунда алар маселени Telegram аркылуу талкуулоого макулдашышты.

@Sputnik_Kyrgyzstan
833 views10:38
Ачык / Комментарий
2021-02-10 09:39:58
Бишкек мэриясынын алдында митинг

Бактыбек Кудайбергенов
дун мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалышына каршы болгон 50гө жакын адам митингге чыгышты.

Алар бийликтен мэрликке өздөрү сунуш кылган Руслан Тагаевди дайындоону талап кылышууда.

Кечээ бул кызматка Эрмек Нургазиев дайындалып, бир күндөн соң жумуштан алынды.

@Sputnik_Kyrgyzstan
761 views06:39
Ачык / Комментарий
2021-02-10 08:09:16 ​​Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетти

Бүгүн УКМК зыяратчылардын 100 млн. сомдон ашык акчасы Муфтият тарабынан насыяга берилгенин аныктаган.

Ошондой эле Муфтияттын башкы эсепчиси 100 миң доллар пара менен кармалган.

Токтомушев аталган кызматка 2014-жылы дайындалган.

@Sputnik_Kyrgyzstan
768 viewsedited  05:09
Ачык / Комментарий
2021-02-10 07:43:04 Саламаттык сактоо министрлиги 1-марттан тарта бардык мектептерди жана бала бакчаларды ачууну пландап жатат.

Бирок коронавирус же Кавасаки синдромуна кабылгандар көп катталса анда аралыктан окуу улана бериши мүмкүн.

Учурда 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуп жатышат.

@Sputnik_Kyrgyzstan
753 views04:43
Ачык / Комментарий
2021-02-10 07:37:32 10-февралга карата коронавирус боюнча статистика:

82 жаңы учур катталды (бардыгы 85 253)

98 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 81 923)

үч адам каза болду (бардыгы 1 436)

@Sputnik_Kyrgyzstan
729 views04:37
Ачык / Комментарий
2021-02-10 07:07:43 ​​Ноокатта опузалап акча талап кылган эки жаран кармалды.

Шектүүлөр жабырлануучудан 40 миң сом талап кылган.

9-феварль күнү алар 14 миң сом алып жатканда колго түшкөн.

Кармалгандар мурда соттолуп, жатак абактарда жазасын өтөп жатышкан.

видео: ИИМ

@Sputnik_Kyrgyzstan
746 views04:07
Ачык / Комментарий
2021-02-10 06:48:14 Муфтият зыяратчылардын 100 млн. сомдон ашык акчасын насыяга берип, пайда таап турган.

Бул тууралуу УКМК маалымат таратып, Муфтияттын башкы эсепчиси пара менен кармалганын кабарлады.

Ал козголгон кылмыш иштерди токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар сунуштаган.

@Sputnik_Kyrgyzstan
716 views03:48
Ачык / Комментарий
2021-02-10 06:19:55 Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Ал эми аталган кызматка Эрмек Нургазиевди дайындоо тууралуу бир күн мурунку чечим жокко чыгарылган.

@Sputnik_Kyrgyzstan
704 viewsedited  03:19
Ачык / Комментарий
2021-02-09 16:22:10 Sputnik Кыргызстан pinned «Жаңы Конституциянын долбоорунда президенттин ыйгарым укуктарын кыйла күчөтүү сунушталган. Алардын негизгилери: Президент министрлер кабинетин жетектейт. Анын төрагасын, орун басарларын дайындайт жана кызматтан алат Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат.…»
13:22
Ачык / Комментарий