Канал дареги:
Категориялар:
Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер:
3.77K
Каналдан сүрөттөмө
Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod
Ratings & Reviews
Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
0
4 stars
1
3 stars
1
2 stars
0
1 stars
1
Акыркы Кабарлар 170
2021-02-16 10:38:57
Чек ара көйгөйлөрүн тез арада чечүүнү талап кылгандар бүгүн дагы митингге чыкты.
Өкмөт үйүнүн алдына чогулган 20га жакын адам кыргыз-тажик чек арасындагы маселе чечилбей жатканына нааразы.
Кечээ дагы ушундай эле митинг болуп, акциянын катышуучулары Садыр Жапаровдун кабыл алышын талап кылышкан.
@Sputnik_Kyrgyzstan
906 views07:38
2021-02-16 10:25:34
Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 425 млн. сом сарпталат
Бул сумма добуш берүү тилкелерин жана бюллетендерди даярдоого, аларды жеткирүүгө жана шайлоочулардын тизмелерин чыгаруу ж.б. жумуштарга жумшалат.
БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, жергиликтүү кеңешке шайлоо менен референдум бирге өтө турган болсо жогорудагы чыгымдардын суммасы дагы көбөйшү мүмкүн.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.
@Sputnik_Kyrgyzstan
754 views07:25
2021-02-16 08:16:08
16-февралга карата коронавирус боюнча статистика:
48 жаңы учур катталды (бардыгы 85 564)
85 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 82 391)
эки адам каза болду (бардыгы 1 444)
@Sputnik_Kyrgyzstan
776 views05:16
2021-02-16 06:23:56
Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.Кыргыз Эл артисти, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп, өмүрүн театр менен киного арнаган Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Ал 1939-жылдын 21- сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.
Чыгармачылыгы "Алыскы тоолордо" фильмине тартылуу менен башталып, көптөгөн көркөм тасмаларда жана театр сахнасында ролдорду ийнине жеткире аткарган.
Кыргыз драма театрында 32 жылдай иштеген. 1989-жылы "Тунгуч" театрын түптөгөн.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Эки жыл мурун II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
сүрөт: Маданият министрлиги
@Sputnik_Kyrgyzstan
814 viewsedited 03:23
2021-02-15 19:50:02
Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн арыз берген партиялар:
1. "Жашылдар партиясы"
2. "Ыйман Нуру"
3. "Легалайз"
4. "Ата Мекен"
5. "Эмгек"
6. "Бүтүн Кыргызстан"
7. "Улуу Журт"
Партиялар шайлоого катышуу үчүн 1-март саат 23:59га чейин арыз бериши керек. Бишкек шаардык кеңеши менен 447 жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелде өтөт.
@Sputnik_Kyrgyzstan
835 viewsedited 16:50
2021-02-15 14:06:03
Дүйнө чемпиондугунун тандоо турундагы Мьянма менен Кыргызстандын беттеши 30-мартта болот. Оюн Мандалай шаарындагы Mandalar Thir стадионунда Бишкек убактысы менен 17:30да башталат. Аталган беттеш улуттук кураманын пандемияга байланыштуу тыныгуудан…
871 views11:06
2021-02-15 13:54:14
"Кыргыз алтындын" жетекчиси Үкүбаевдин кармалган учурдагы видеосу жарыяланды.
Ал 12-февралда пара алууга шектелип кармалган. Сот аны эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды.
видео: УКМК
@Sputnik_Kyrgyzstan
851 viewsedited 10:54
2021-02-15 12:02:48
Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.
Сооронбай Жээнбеков отставкага кетер алдында Суваналиевди Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгынан бошоткон.
сүрөт: Баткен облустук админстрациясы
@Sputnik_Kyrgyzstan
821 viewsedited 09:02
2021-02-15 11:34:22
Садыр Жапаров Москвага боло турчу сапарынын алдында обочолонуу режимине өттү. Кийинки жумада ал Россияга иш сапары менен барары күтүлүүдө.
@Sputnik_Kyrgyzstan
796 views08:34
2021-02-15 11:10:43
Ошто зоопарктан качкан маймылды куткаруучулар кармап берди.
Жапайы айбанат качып барып шаардагы турак үйлөрдүн бирине кирип кеткен.
ӨКМдин куткаруучулары маймылды кармап, ээсине өткөрүп беришкен.
сүрөт: ӨКМ
@Sputnik_Kyrgyzstan
837 viewsedited 08:10