Get Mystery Box with random crypto!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Канал дареги: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категориялар: Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер: 3.77K
Каналдан сүрөттөмө

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 172

2021-02-12 21:02:50 Өлкөнүн түштүгүндө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Маалыматка караганда жер титирөөнүн очогу Тажикстанда катталып, күчү 6,5 баллга жеткен.

Жердин силкиниши Ошто, 4,5, Баткенде 4 баллга чейин сезилген.

ӨКМ жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок экенин билдирди.

@Sputnik_Kyrgyzstan
965 viewsedited  18:02
Ачык / Комментарий
2021-02-12 17:42:37 "Кыргыз алтын" ишканасына жетекчи Элмырза Үкүбаев кармалды.

Ал алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылганы айтылууда.

Үкүбаев 12-февраль күнү 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда УКМК кызматкерлерине колго түшкөн.

@Sputnik_Kyrgyzstan
948 viewsedited  14:42
Ачык / Комментарий
2021-02-12 09:52:38
Бишкек – Талас автоунаа жолу тазаланып, айдоочулар ыраазы.

Айдоочу жолдун бүгүнкү абалын видеого тартып бизге жиберди.

Анын айтымында, тыгын тууралуу видео интернетке тараган соң жол тазаланган.

Өтмөк ашуусунда жол тазаланбай 3 саатка созулган тыгын жаралганын кечээ айдоочулар кабарлаган эле.

@Sputnik_Kyrgyzstan
984 views06:52
Ачык / Комментарий
2021-02-12 08:59:53
Кайгуул милициянын автоунаасынын үстүнө чыгып алып бийлеген баланын видеосу тарады.

Окуя 8-февраль күнү Ош шаарында болгон.

Учурда милиция иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.

Милициянын маалыматына караганда, бул өспүрүм Оштогу бычакталган окуучунун өлүмүнө шектелип жаткан бала.

@Sputnik_Kyrgyzstan
2.0K viewsedited  05:59
Ачык / Комментарий
2021-02-12 07:33:33 Муфтият зыяратчылардын 100 млн. сомдон ашык акчасын насыяга берип, пайда таап турган. Бул тууралуу УКМК маалымат таратып, Муфтияттын башкы эсепчиси пара менен кармалганын кабарлады. Ал козголгон кылмыш иштерди токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар…
920 views04:33
Ачык / Комментарий
2021-02-12 07:13:18 12-февралга карата коронавирус боюнча статистика:

70 жаңы учур катталды (бардыгы 85 398)

92 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 82 098)

эки адам каза болду (бардыгы 1 439)

@Sputnik_Kyrgyzstan
910 viewsedited  04:13
Ачык / Комментарий
2021-02-11 22:01:49
Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын анын жактоочусу Нурбек Сыдыков тастыктады.

@Sputnik_Kyrgyzstan
4.5K viewsedited  19:01
Ачык / Комментарий
2021-02-11 21:16:57
Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев үй камагына чыгышы мүмкүн.

Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев билдирди.

Сотто УКМКнын тергөөчүлөрү мурдагы муфтийди эки айга камакка алуу өтүнүчүн келтиришкен. Ал эми прокурорлор үй камагына чыгарууну суранышкан.

@Sputnik_Kyrgyzstan
1.5K viewsedited  18:16
Ачык / Комментарий
2021-02-11 20:21:18
Садыр Жапаров Муфтияттагы жаңжал боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, былтыркы парламенттик шайлоодо зыяаратчылардын акчасынын 155 млн. сому бир партияга жумшалып кеткен.

Мындан сырткары Муфтият 16 млн. доллардын жарымын банкка салып, 685 миң доллар чыгым тартканын айтат.

Видео: КТРК

@Sputnik_Kyrgyzstan
1.1K viewsedited  17:21
Ачык / Комментарий
2021-02-11 18:28:34
УКМК "Женгону" кантип кармаганы боюнча видео таратты.

Ал бүгүн, 11-февралда Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген соң тергөө абагына камалган.

Айрым ЖМКлар кримтөбөлдүн жактоочусуна таянып, "Женго" УКМКнын Оштогу бөлүмүнө өзү барганын жазып чыгышты.

видео: УКМК

@Sputnik_Kyrgyzstan
2.1K viewsedited  15:28
Ачык / Комментарий