Get Mystery Box with random crypto!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Канал дареги: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категориялар: Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер: 3.77K
Каналдан сүрөттөмө

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 169

2021-02-17 09:41:44
УКМК "Женгого" тиешелүү деп айтылган мүлктөрдүн видеосун жарыялады.

видео: УКМК

@Sputnik_Kyrgyzstan
796 views06:41
Ачык / Комментарий
2021-02-17 08:18:59
"Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун байлыктары жарыяланды.

Ал эч жерде иштебей туруп кылмыштуу жол менен байлык топотогон деп шектелип жатканын УКМК кабарлады.

Кримтөбөлдүн туугандарына жана башкаларга катталган 19 автоунаасы, 15 турак жайы жана 35 жер тилкеси аныкталган.

сүрөт: УКМК

@Sputnik_Kyrgyzstan
801 views05:18
Ачык / Комментарий
2021-02-17 06:51:15 17-февралга карата коронавирус боюнча статистика:

55 жаңы учур катталды (бардыгы 85 619)

61 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 82 452)

эки адам каза болду (бардыгы 1 446)

@Sputnik_Kyrgyzstan
788 views03:51
Ачык / Комментарий
2021-02-17 06:45:30 ​​ Бишкекте милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Шектүү Ленин РИИБнын тергөөчүсү болгон. Ал жарандын маселесин оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылганы айтылды.

Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынган. Аны колго түшүргөн Финпол шектүү канча сом өлчөмүндө пара менен кармалганын ачыктаган жок.

сүрөт: Финпол

@Sputnik_Kyrgyzstan
813 viewsedited  03:45
Ачык / Комментарий
2021-02-16 19:46:16
Илгери-илгери ажыдарлар доорунда бир падышалык өкүм сүргөн экен. Алардын душмандардан коргогон таш билек баатырлары болуптур. Бул жомок ажал менен арбашып элди сактап калган баатырлар тууралуу. Бирок алар адилетсиздиктин курмандыгына айланды.

@Sputnik_Kyrgyzstan #мультикSputnik
867 viewsedited  16:46
Ачык / Комментарий
2021-02-16 19:21:53 ​​​​​​​​​​Садыр Жапаров балбайлык окуучу Бекболот Турдушев менен сүйлөштү.

Өлкө башчысы обочолонууда болгондуктан алардын баарлашуусу видеобайланыш аркылуу өткөн.

Жапаров Москвадан келгенден кийин Бекболотко жолугарын убада кылган.

Ал эми блогер Азирет Осмонов Бекболоттун Садыр Жапаровдун атынан белек алган видеосун жарыялады.

Видео: instagram/@aziretosmonov_official

@Sputnik_Kyrgyzstan
867 viewsedited  16:21
Ачык / Комментарий
2021-02-16 18:14:16 Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бир суткада пневмония менен 32 бала келип түштү.

Маалыматты аталган оорукананын директору Камчыбек Узакбаев тастыктады.

Анын айтымында, учурда жалпысынан пневмония менен ооруган 150 бала дарыланууда.

@SputnikКыргызстан
854 viewsedited  15:14
Ачык / Комментарий
2021-02-16 14:43:09 ​​​​​​​​ Баткенде өрүк гүлдөдү

Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында өрүк гүлдөгөнү тууралуу маалымат Баткен Деми Facebook баракчасына жарыяланды.

Жергиликтүү тургун февраль айынын ортосунда өрүк гүлдөгөн көрүнүшкө алгачкы жолу күбө болгонун билдирген.

Адатта Баткен облусунда өрүк март айынын орто ченине барып гүлүн ачат.

Сүрөт: Facebook/Баткен Деми

@Sputnik_Kyrgyzstan
2.0K viewsedited  11:43
Ачык / Комментарий
2021-02-16 13:15:09 Өкмөт ЖОЖдордогу окуу акысын төмөндөтүү маселесин карап жатат.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун айтымында, президент Жапаров студенттердин окуу акысы боюнча тапшырма койгон.

"ЖОЖдордо окутуу онлайн режимде болуп жаткандыктын студенттердин окуу акысына жеңилдик берүү боюнча окуу жайлардын жетекчилери карап чыгыптыр, бирок миң сомдой гана жеңилдик кылыптыр. Биз буга макул эмеспиз. Ошондуктан бул маселени кайра карап чыгып, башка жолдорун кароодобуз. Жакынкы күндөрү чечим кабыл алабыз", — деди Марипов Facebook баракчасындагы түз эфирде.

@Sputnik_Kyrgyzstan
1.0K viewsedited  10:15
Ачык / Комментарий
2021-02-16 12:15:02
Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жатат.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун айтымында, өкмөт бул маселени жакынкы күндөрү чечет.

Жаңы дайындалган Баткен облусунун жетекчиси чек арага байланышкан маселелерди чечүү боюнча сунуш даярдап жатканы айтылды.

Видео: facebook/Улукбек Марипов

@Sputnik_Kyrgyzstan
1.0K viewsedited  09:15
Ачык / Комментарий