Get Mystery Box with random crypto!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Канал дареги: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категориялар: Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер: 3.77K
Каналдан сүрөттөмө

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 173

2021-02-11 17:42:26 Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге, 11-апрелде өткөрү сунушталууда.

"Эгер депутаттар колдоп берсе, референдум жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге 11-апрелде өтөт", — деди Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде.

@Sputnik_Kyrgyzstan
968 views14:42
Ачык / Комментарий
2021-02-11 15:23:16 Сот Райым Матраимовду коррупционер деп таап, прокурорлордун өтүнүчү боюнча 260 миң сом айып салды. Бирок аны мыйзамда көрсөтүлгөн берене боюнча эркинен ажыраткан жок. Бардык мүлкү жана эсептери камактан чыгарылмай болду.

Буга чейин Матраимов мамлекетке 2 млрд. сом төлөп бергени үчүн прокурорлор ага салынган айыптын өлчөмүн жетиштүү деп тапкан.

Ал жогорудагы сумманын 1,4 млрд сомун накталай акча менен, 600 млн. сомдун ордун кыймылсыз мүлк менен төлөгөн.

@Sputnik_Kyrgyzstan
986 views12:23
Ачык / Комментарий
2021-02-11 15:11:16
Бишкек – Талас унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда жол тазаланбай унаа тыгыны жаралды.

Айдоочулар 2-3 сааттан ашык убакыттан бери тыгында турганын айтышып, 11-феварлда тартылган окуянын видеосун жиберишти.

ӨКМ маалымат такталып жатканын айтты.

@Sputnik_Kyrgyzstan
1.7K views12:11
Ачык / Комментарий
2021-02-11 13:51:05
Чүйдөгү жарылуу болгон турак үйдүн асмандан тартылган видеосу

Учурда эмне болуп жатат?

@Sputnik_Kyrgyzstan
1.9K views10:51
Ачык / Комментарий
2021-02-11 13:14:24
Аламүдүн районун ГЭС-2 айылында турак үйдө болгон жарылуудан 14 жаштагы өспүрүм каза болду.

Дагы бир адам жабыркагандыгын ӨКМ билдирди.

Кырсыктын келип чыгышына газ түтүкчөсүнүн жарылуусу себеп болгон.

@Sputnik_Kyrgyzstan
1.5K views10:14
Ачык / Комментарий
2021-02-11 12:47:49
Аламүдүн районунун ГЭС-2 айылында турак үйдө жарылуу болду.

Азырынча жарылуунун себептери белгисиз

видео,сүрөт: күбөлөрдүкү

@Sputnik_Kyrgyzstan
921 viewsedited  09:47
Ачык / Комментарий
2021-02-11 09:22:00
"Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды.

Ал 11-февраль күнү УКМК тарабынан Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген.

сүрөт: УКМК

@Sputnik_Kyrgyzstan
905 views06:22
Ачык / Комментарий
2021-02-11 09:12:35
Бүгүн кайрадан митинг

УКМКнын алдына чогулган 50дөй адам мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин бошотулушун талап кылышууда.

Алар колдоруна "Максат ажыга боштондук" деп жазылган баракчаларды кармап алышкан.

Митингчилер мурдагы муфтийдин кармалышынын артында кандайдыр бир саясат бар деген пикирде.

Чогулгандарга Дин иштери боюнча мамкомиссиянын жетекчилигинен жакында эле кеткен Акин Токталиев барды.

@Sputnik_Kyrgyzstan
784 viewsedited  06:12
Ачык / Комментарий
2021-02-11 06:35:21 11-февралга карата коронавирус боюнча статистика:

75 жаңы учур катталды (бардыгы 85 328)

83 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 82 006)

бир адам каза болду (бардыгы 1 437)

@Sputnik_Kyrgyzstan
791 views03:35
Ачык / Комментарий
2021-02-10 19:48:57 ​​Мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев кармалды.

Ал бугүн Муфтияттагы каржы маселелерине байланышкан жаңжалдан кийин кызматтан баш тарткан.

УКМК ажынын мыйзамсыз иштерге аралашкандыгы боюнча жетиштүү далилдер бар экендигин ырастоодо.

Сүрөт: Муфтият

@Sputnik_Kyrgyzstan
904 viewsedited  16:48
Ачык / Комментарий