Канал дареги:
Категориялар:
Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер:
3.77K
Каналдан сүрөттөмө
Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod
Ratings & Reviews
Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
0
4 stars
1
3 stars
1
2 stars
0
1 stars
1
Акыркы Кабарлар 171
2021-02-15 10:41:31
УКМК Матраимовго байлныштуу билдирүү таратты.
Мекемеден бидиргендей, учурда анын чет өлкөдөгү мүлктөрүн аныктоо боюнча териштирүү токтой элек.
Эгер Матраимовдун чет өлкөдөн мүлктөрү табылса, анда юридикалык баа бериле турганын айтат атайын кызмат.
@Sputnik_Kyrgyzstan
768 views07:41
2021-02-15 10:31:29
Дастан Жумабеков экс-преиздент Сооронбай Жээнбековдун кемчилигин атады.
Мурдагы төраганын айтымында, коомчулукта айтылган кайрылууларга көңүл бурбай коюшу Жээнбековдун негизги кемчилиги болгон.
Былтыр Сооронбай Жээнбеков бийликте турган кезде Дастан Жумабеков анын кемчилигин "көрө албай турганын" айткан.
Видео: youtube/super.kg
@Sputnik_Kyrgyzstan
771 views07:31
2021-02-15 09:51:46
Чек ара көйгөйү боюнча митингге чыккан жарандар президент Садыр Жапаровдун кабыл алышын талап кылышты.
Алар өкмөт үйүнүн алдында
"Президент элди кабыл ал! Чек ара маселеси чечилсин! Садыр Нургожоевич элге чык!" деп кыйкырып турушту.
@Sputnik_Kyrgyzstan
847 viewsedited 06:51
2021-02-15 09:18:38
Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында чек ара көйгөйү боюнча тынчтык митинги өтүп жатат.
Акцияга чыккан 50гө жакын адам кыргыз-тажик чек арасындагы маселе чечилбей жатканына нааразы.
Митингчилер бийликтен көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү талап кылышты.
Ушул тапта өкмөт үйүнүн алдында дагы башка адамдар нааразычылык акцияга чыкты.
Алар Абдил Сегизбаевдин иши боюнча кармалган Кой-Таштагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматкери Жылдыз Чодубаеванын үй камагына чыгышын талап кылышууда.
@Sputnik_Kyrgyzstan
930 views06:18
2021-02-15 07:32:57
15-февралга карата коронавирус боюнча статистика:
41 жаңы учур катталды (бардыгы 85 516)
53 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 82 306)
бир адам каза болду (бардыгы 1 442)
@Sputnik_Kyrgyzstan
741 views04:32
2021-02-15 06:28:16
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Сауд Аравиясынан кайтып келди. Маалым болгондой, алар дем алыш күндөрү келишкен.
@Sputnik_Kyrgyzstan
769 viewsedited 03:28
2021-02-14 09:50:09
Бишкекте коррупцияга каршы митинг өтүүдө.
Шаардын борборуна чогулган 200дөй адам коррупционерлердин боштондукка чыгып жатышына нааразы. Тагырагы алар Матраимовго чыккан сот чечимине макул эмес.
Митингчилер темир жол бекетинин жанына чогулуп, Ала-Тоо аянтына бет алышты.
@Sputnik_Kyrgyzstan
1.1K views06:50
2021-02-14 06:59:37
14-февралга карата коронавирус боюнча статистика:
34 жаңы учур катталды (бардыгы 85 475)
69 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 82 253)
каза болгондор катталган жок (бардыгы 1 441)
@Sputnik_Kyrgyzstan
830 viewsedited 03:59
2021-02-13 16:48:12
Садыр Жапаров Матраимовго чыккан сот чечими боюнча пикирин билдирди.
"
Кечээ сот Райымбек Матраимовдун 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген эпизоду менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен, биз соттун ишине кийлигишпейбиз", — деген президент.
Ал ошондой эле Матраимов боюнча териштирүү улана тургандыгын кошумчалаган.
Мамлекет башчынын пикирин толугу менен бул жерден окуңуз.
@Sputnik_Kyrgyzstan
899 viewsedited 13:48
2021-02-13 07:10:35
13-февралга карата коронавирус боюнча статистика:
43 жаңы учур катталды (бардыгы 85 441)
86 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 82 184)
эки адам каза болду (бардыгы 1 441)
@Sputnik_Kyrgyzstan
914 viewsedited 04:10