Get Mystery Box with random crypto!

Ulan Usoiun

Telegram каналынын логотиби ulanusoiun — Ulan Usoiun U
Telegram каналынын логотиби ulanusoiun — Ulan Usoiun
Канал дареги: @ulanusoiun
Категориялар: Uncategorized
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 180

Ratings & Reviews

2.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

1

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 2

2022-02-27 08:14:27 “Сен үчүн мигранттар азап тартат, мигранттарды ойло” дегендерге:

Эгер Путин мен үчүн кайсы бир мигранттарды кыйнаса,
жумуштан алса мага кайрылгылачы, билим берип,жакшы жумуш таап берүүгө жардам берейин.

А так билими, ой жүгүртүүсү бар, өз ишин билген, Россиянын мыйзамдарын бузбаган мигранттарыбызга “мышыгын пыш” дебейт.
Менсиз эле өз жашоосун “илюбой” жерде сонун куруп кетишет.

Билими, ой жүгүртүүсү жок, мыйзамдарды сактабагандарга менсиз деле кыйын, менсиз деле “илюбой” жерден азап тартат.

Өз жоопкерчилигиңерди бирөөнүн мойнуна илип, өз тандооңор үчүн бирөөнү күнөөлөгөндү качан коесуңар ыя?
158 views05:14
Ачык / Комментарий
2022-02-26 11:22:13 Мигрант демекчи:
Келгиле мигрант болгонго жараша, билимдүү, өз ишибизди билген,
суроо талапка ээ болгон мигрант бололу.

Биз иш сурап жалдырап барбай,байкуш болбой,кор болбой, коркпой, көздөрүн карабай,

бизге иш сунуштап жалдырап келгидей болушсун!

Андай болуш үчүн баардык мумкүнчүлүгүбүз бар! Андай Кыргыз жарандары да аз эмес.

Болгону билим алалы,изденели, аракеттен кайтпайлы, бир нече тилде эркин сүйлөйлү, заманбап илим/технологияларды чагалы,
#БаштанБаштайлы
(буга жетсек орусияга баруунун деле кажети болбой калат)
136 views08:22
Ачык / Комментарий
2022-02-25 13:39:16 1. Садыр авамдын өлүм житим боюнча жарлыгы тууралуу:
Чын чынына келгенде, бул каада салт, үрп адат менен эле, өзү менен өзү чечилчү маселе эле.

Тилекке каршы андай нерсе колубуздан келбей, куру атаандаштык менен өлгөндүн үстүнө көмгөн кылдык.
Аргасыз кабыл алынган чечим болду.
Эми аткарганы аракет кылалы. Авабызды колдойлу.
Кантип көзөмөлдөнөт деген суроо баарыбызда бар,суроолоп жата бербей жамырай журт көзөмөлгө алсак жыйынтык берээр.

2. Сулаймановдун губернатор болушу боюнча:

Бул чечимин мен колдойм. Туура, иште өзүн көрсөтсүн.
Сүйлөй бербей, иштебейби деп кыйкыргандар - эми ишин талап кыла бергиле.
Буга чейин депутаттык мандаты сүйлөгөнгө, мыйзам чыгарууга эле жол берсе, эми иште өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Чын чынына келсек, президент болом деген адам аткаруу бийлигинде да иш көрсөтүшү керек.

Сулайманов - мурун облус жетекчиси болбошу керек деп каршы чыккан,
бирок азыркы акыбалда облус жетекчиси чоң бийлике ээ болду, азыр колунда баардык бийлик бар,
демек иштеш эле керек.
138 views10:39
Ачык / Комментарий
2022-02-19 14:52:28
Бул жигиттин аты Эламан.
Бул да биз аркылуу #бузулган’дардан.

Эламан бир нече жыл мурун Баткендин Лейлегинен бир долбоор менен барганыбызда активдүү окуучу катары жолуккан.

Ошондо эле шоктонуп, бизге көп нерсени көргөзүп, ой бөлүшүп, аябай жакшы таасир калтырган.

Кийин биздин Айылдан ITге долбоорубузга катышып,
Timur Mone негиздеген Jyldyz Academy сында акысыз окуп, азыр алдынкы it адистердин катарына кошулуп баратат.

Биздин эле 3 сайтты жазап жатат. Убада Баткен, bee.aary нын сайтын бүтүрүп койду.

Jyldyz Academy де ассистент болуп, жүздөн ашуун баланы IT ге окутууда.

Анан кантип бузукулугубузга сыймыктанбайбыз ыя?
Жүрөк сүйүнөт!

Бар болгула! Бузулгула!

#бузуку
163 views11:52
Ачык / Комментарий
2022-02-18 12:39:08
Кечээ эле “митингке эле чыга бересиңерби, башка ишиңер жокпу” - дегендер,

Бүгүн, тигиге неге чыкпадың, буга неге чыкпадың деп урушуп жатышат.
Ошо

Айла жок, көчөдө жөнөкөй укуктарды коргоп калган акыбалдабыз.

Мыйзамсыздык болсо баарына чыгып келгем, чыгам, чыга берем

Качан гана мыйзамдуу,
адилеттүү өлкөгө айланганда баарыңарга көрүнбөй,
тыыыынч жашоомдо жашайм,
ага чейин мени жаман көрсөңөрда,
жакшы көрсөңөр да чыдагыла
123 views09:39
Ачык / Комментарий
2022-02-17 16:47:22
Ты стал свидетелем коррупционной схемы? Надоело видеть как шеф нарушает закон? Преподаватель вымогает взятку или позволяет себе непристойное поведение в отношении студентов?

Нас тоже это все достало!
Именно поэтому мы создали безопасный и анонимный чат-бот «Кара Сандык», куда вы можете скидывать свидетельства и доказательства беспредела, с которым вы столкнулись!

На основе этих данных мы будем запускать расследования, которые помогут в решении этих проблем и становлении лучшего Кыргызстана, откуда не захочется валить.

Прямая ссылка на бот: https://t.me/karasandyk
Ждём вас там!



115 views13:47
Ачык / Комментарий
2022-02-01 09:58:14 Бир жыл мурунку ойлор:

Тамашасы жок айта турган болсок, Садыр Жапаровдун алдында эӊ биринчи кыла турган иши бул кадр саясатын рефармолоодон баштоо.

Ал мезгилдин да элдин да талабы.

Эртеӊки дайындала турчу кадрлар өлкөнүн жана Жапаровдун тагдырын чечет.

Кыргызстанды өнүгүүгө тарта турчу бир нече эле чоӊ реформа жасоо керек, анын бири ушул.

Эми бул колунан келеби, келбейби чоӊ суроо.
Биринчи жүз күндүктө баары алаканга салгандай көрүнүп калат.

Бул кадрларды Жапаров алып келген жок деп чыгышыӊар мүмкүн, бирок тилеке каршы андай эмес.
Азыр Ак Үй менен Өкмөт үйүндө «чымындагы» Садыр авабыздын уруксааты жок учпайт.

Ананда Жапаров баардык боло турчу жана болбой турчу маселенин баарына керт башым менен жооп берем деп, ант берүүсүнө да баса белгиледи.

Демек, тээ алыстагы айылдын айыл өкмөтү ыш кыла албай же туура эмес иштерди жасап жатса да Садыр ава жооп берет.

А ЭЛ талап коюп, көзөмөл кылганды кана билүүсү керек.

Анткени, Президент ЭЛДИН КЫЗМАТКЕРИ, мындайча айтканда ЭЛДИН КУЛУ.

Эл иштеп бердеп тандашты, ишин аткарышы үчүн айлык акы берип, салык төлөө менен багып жатат.

Элдин берген каражаты менен ишенимин актаӊыз Садыр ава!)



Жапаровго эмнеге каршысың дегендерге:

Садыр авага эч ким каршы эмес!

Болгону анын мыйзамсыз иш аракетин, калпын, куру убадасын эле айтып коюп жатабыз.

Айтылгандын баары далилдүү.
Ушактап же артынан сөз кылганыбыз жок.

Туураны туура, туура эмести туура эмес деп айтканды билели.

Чыныгы лидер болсо сын пикирге терикпей, кабыл алат, чыйралат, оңолот, өзгөрөт.

#башта
#баштанбашта
152 views06:58
Ачык / Комментарий
2022-01-22 10:29:43 Азыр Кыргыз өлкөсүнүн туура жолго багыт алуусуна, өнүгүп-өсүүсүнө өбөлгө боло турчу эч бир “видениеси” жок.

Ал Садырда да, оппозицияда да, башкасында жок. Балким бар, бирок эч бирөө элге татыктуу жеткире алган жок. Баары өзүнүн жеке амбициясы менен алек.

Азыр жарандар “максатка, идеяга” байланбай, бир адамга үмүт, ишенип артып жашап калды.

А ошол адамдар мен келсем эле кыйратам, жыргатам, өнуктүрөм, өстүрөм деп, элдин башын куру убада менен айлантым бийлике келишүүдө.

Мунун арты жакшы менен бүтпөөрүн баары билишет.

Демек эмне кылуу керек?

Өлкөнү өзгөртөм, Кыргыз элин жыргатам десең, “Мен эле бийлике келишим керек дебей”,
өзгөрүү алып келе турчу жолду көргөзүп, элге
“видение” сунушта.
Ал жөн эле куру убада, сөз эмес,

ар бир кадамы элге тушүнүктүү, жеткиликтүү, реалдуулка коошкон “видение” болуусу керек. Анан ошону ар бир жаранга жеткир.

Аны түшүнгөн эл, кимиси келсе да талап кылганга үйрөнөт, Ташматпы, Айшабы доолап алат. Көзөмөл кылат.

А азыр жалпы эл келечекти көрө албагандыктан, бир адамды эле карап турушат. Ал адамы да бир күнү кетет, видениеси жок эл дагы башка адамды табышат, ага үмүт артышат,
анан ушунтип эптеген жашоо улана берет.
153 views07:29
Ачык / Комментарий
2022-01-20 10:22:45 2019- жылы жакшы ойлорду жазчу экенмин)
132 views07:22
Ачык / Комментарий
2022-01-20 10:22:12 Үйлөнүү тууралу...

Кызык эй, ой пикир жазсам эле, "үйлөнүп анан жазчы, үйлөнгөн соң оюң өзгөрөт" деген акыл кеңеш.

Алтындарым, адам турмуш курса эле, акылдуу болуп кетеби?

Же, акылдуу болуу үчүн эле турмуш куруу керекпи?

Мен ойлоймда, адам турмуш курганча акыл эси толуп, ой жүгүртүүсү калыптанып, жан дүйнөсү байышы керек депчи.

Бойдогунда акылсыз, үй бүлөлүү болгондо деле ошол бойдон калса керек да э?
Эми, "айрымдардан" башкасы.

Айтайын дегеним, "ошол турмуш кургандан кийин, акыл кирет дегендин баары, ажырашып курутушабы дейм.
Өзү акыл токтоткон адам эмес же акыл тоткон түгөйүнө жашоо бербес болупчу.

Ии анан, турмуш курсаң эле "жыргап кетесиң" дегенге ишенбегиле, 80% кыргыз ошого ишенип алып эле куурашат экен.

"Жыргап кетесиң" деген формула жашообузда иштесе, илгери эле жыргап кетмекпиз да туурабы?

Айтайын дегеним, "жашыңда жалжаң, карысында калжаң" дейт.
Бойдокчулукта толук кандуу адам болуп калыптана албасак, бир адам менен эле турмуш кура койсок, калыптана кете албайбыз. (Партнерубуз эле кыйын болуп чыкпаса.) Турмуш курууга даяр болуу, даярдануу бул чоң институт, чоң жоопкерчилик.

Бул келечек жашоого, моралдыкда материалдыкда жактан дайын болуубуз, замандын талабы.

Аны, жеңил желпи оюн катары көргөндөрдүн жашоосун, көрүп, билип жатабыз.

Ошого, үйлөнсөм деле, үйлөнбөсөм деле баягы Уланмын. Баягы эле Уландын оюу.
132 views07:22
Ачык / Комментарий