Get Mystery Box with random crypto!

1. Садыр авамдын өлүм житим боюнча жарлыгы тууралуу: Чын чынын | Ulan Usoiun

1. Садыр авамдын өлүм житим боюнча жарлыгы тууралуу:
Чын чынына келгенде, бул каада салт, үрп адат менен эле, өзү менен өзү чечилчү маселе эле.

Тилекке каршы андай нерсе колубуздан келбей, куру атаандаштык менен өлгөндүн үстүнө көмгөн кылдык.
Аргасыз кабыл алынган чечим болду.
Эми аткарганы аракет кылалы. Авабызды колдойлу.
Кантип көзөмөлдөнөт деген суроо баарыбызда бар,суроолоп жата бербей жамырай журт көзөмөлгө алсак жыйынтык берээр.

2. Сулаймановдун губернатор болушу боюнча:

Бул чечимин мен колдойм. Туура, иште өзүн көрсөтсүн.
Сүйлөй бербей, иштебейби деп кыйкыргандар - эми ишин талап кыла бергиле.
Буга чейин депутаттык мандаты сүйлөгөнгө, мыйзам чыгарууга эле жол берсе, эми иште өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Чын чынына келсек, президент болом деген адам аткаруу бийлигинде да иш көрсөтүшү керек.

Сулайманов - мурун облус жетекчиси болбошу керек деп каршы чыккан,
бирок азыркы акыбалда облус жетекчиси чоң бийлике ээ болду, азыр колунда баардык бийлик бар,
демек иштеш эле керек.