Get Mystery Box with random crypto!

Үйлөнүү тууралу... Кызык эй, ой пикир жазсам эле, 'үйлөнүп а | Ulan Usoiun

Үйлөнүү тууралу...

Кызык эй, ой пикир жазсам эле, "үйлөнүп анан жазчы, үйлөнгөн соң оюң өзгөрөт" деген акыл кеңеш.

Алтындарым, адам турмуш курса эле, акылдуу болуп кетеби?

Же, акылдуу болуу үчүн эле турмуш куруу керекпи?

Мен ойлоймда, адам турмуш курганча акыл эси толуп, ой жүгүртүүсү калыптанып, жан дүйнөсү байышы керек депчи.

Бойдогунда акылсыз, үй бүлөлүү болгондо деле ошол бойдон калса керек да э?
Эми, "айрымдардан" башкасы.

Айтайын дегеним, "ошол турмуш кургандан кийин, акыл кирет дегендин баары, ажырашып курутушабы дейм.
Өзү акыл токтоткон адам эмес же акыл тоткон түгөйүнө жашоо бербес болупчу.

Ии анан, турмуш курсаң эле "жыргап кетесиң" дегенге ишенбегиле, 80% кыргыз ошого ишенип алып эле куурашат экен.

"Жыргап кетесиң" деген формула жашообузда иштесе, илгери эле жыргап кетмекпиз да туурабы?

Айтайын дегеним, "жашыңда жалжаң, карысында калжаң" дейт.
Бойдокчулукта толук кандуу адам болуп калыптана албасак, бир адам менен эле турмуш кура койсок, калыптана кете албайбыз. (Партнерубуз эле кыйын болуп чыкпаса.) Турмуш курууга даяр болуу, даярдануу бул чоң институт, чоң жоопкерчилик.

Бул келечек жашоого, моралдыкда материалдыкда жактан дайын болуубуз, замандын талабы.

Аны, жеңил желпи оюн катары көргөндөрдүн жашоосун, көрүп, билип жатабыз.

Ошого, үйлөнсөм деле, үйлөнбөсөм деле баягы Уланмын. Баягы эле Уландын оюу.