Get Mystery Box with random crypto!

Бул жигиттин аты Эламан. Бул да биз аркылуу #бузулган’дардан. | Ulan Usoiun

Бул жигиттин аты Эламан.
Бул да биз аркылуу #бузулган’дардан.

Эламан бир нече жыл мурун Баткендин Лейлегинен бир долбоор менен барганыбызда активдүү окуучу катары жолуккан.

Ошондо эле шоктонуп, бизге көп нерсени көргөзүп, ой бөлүшүп, аябай жакшы таасир калтырган.

Кийин биздин Айылдан ITге долбоорубузга катышып,
Timur Mone негиздеген Jyldyz Academy сында акысыз окуп, азыр алдынкы it адистердин катарына кошулуп баратат.

Биздин эле 3 сайтты жазап жатат. Убада Баткен, bee.aary нын сайтын бүтүрүп койду.

Jyldyz Academy де ассистент болуп, жүздөн ашуун баланы IT ге окутууда.

Анан кантип бузукулугубузга сыймыктанбайбыз ыя?
Жүрөк сүйүнөт!

Бар болгула! Бузулгула!

#бузуку