Get Mystery Box with random crypto!

Ulan Usoiun

Telegram каналынын логотиби ulanusoiun — Ulan Usoiun U
Telegram каналынын логотиби ulanusoiun — Ulan Usoiun
Канал дареги: @ulanusoiun
Категориялар: Uncategorized
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 180

Ratings & Reviews

2.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

1

1 stars

1


Акыркы Кабарлар

2022-06-23 05:54:48 Фонограмма - менен ырдайт деп, ырчыларга асылгандар,
Сага жакпай жатса, уккуң келбесе,
укпай кой, тоюңа чакырбай кой, инстасына катталбай кой!
Сени ук, угушуң керек, тоюңа чакырышың керек деп зордоп жатышабы не?

Өзүңдү өзүң тыйа албай жатып эле, бирөөнү тыйганга машпыз эй!

Тыйуу эмес, адамдын өзүнүн электөөсү болуш керек!
Жакпайт, фонограмма менен ырдайт экен деп укпай койсоң, тоюңа чакырбай койсоң, концертине барбай койсоң, ырдай албаган ырчылар өздөрү эле азаят!

Эркин экономика деген ушу, суроо талапка жараша гана продуктулар пайда болот.

Силер укканыңар үчүн силер айткан “фонограммачан” ырчылар көп)
67 views02:54
Ачык / Комментарий
2022-06-23 05:37:24 Муфтиятты, аалымдарды казино боюнча үн катпайт дегендерге:
Алар үн катпай абдан туура кылышты. Дин саясаттан тыш, баш мыйзамда да так көрсөтүлгөн. Саясий чечимдерге аралаша албайт.
Анткени биз “светтик” өлкөбүз!

Муфтият чечимдерге аралашсын, чечим кабыл алсын десеңер, анда түз эле “халифат” болуп алалы.
Убара болуп президентти, депутаттарды шайлап не кыласыңар?
Муфтийди президент, аалымдарды депутат деп атап салгыла анда!

Муфтиятты күнөөлөгөндүн, алардан талап кылгандын оордуна,
ураалап шайлап алган президент Жапаровтон, шайлап алган 90 деппутаттан сурагыла, талап кылгыла!
Ошолорду силер шайлап жөнөткөнсүңөр, жашооңор жыргайт деп ошону силер тандап алгансыңар!

А бүгүнкүдөй наалып калбаш үчүн,
шайлоого барып, 2000 сомго сатылбай, туура тандоо жасап, эмоция менен ураалап, тууган экен, тааныш экен, түрмөдө биз үчүн жатты деп актап жактабай, колунда бардын камчысын чаппай шайлаш керек!

Биздин жана биз тандагандардын денгээли менен көп эле азап тартабыз!
Казино башталышы эле.

#казиноачылбасын
66 views02:37
Ачык / Комментарий
2022-05-23 16:17:49 А мыйзам иштебеген, соттор адилеттүү болбогон, укук коргоо органдары таза иш алып барбаган жерде өнүгүү, өсүү жана бюджетке акча толуу болбойт.

Миң сом кирсе, бюджетке 1 сомун көргөзүшөт. Баягы эле уурулар жең ичинен байыйт.
А карапайым Эл акчасвн уттуруп, азапка батат.

Кыргыздар кирбейт деген болбогон сөз, өйдөдөгү 4 нерсе нормалдашпайын кыргыздар баардык жерден кычык табышат)

А моралдык, диний көз карашыбызга туура келеби, келбейби башка кеп.
А мен бул жерде иштеп жаткан өлкөнүн мисалында жаздым.

Дагы бир жолу жазам:
Тилекке каршы, өйдөдө жазгандардын бирөөсү да бизде иштебейт жана камсыздалган эмес.

Ошого, азыр казино ачуу туура эмес жана жакшылыка алып келбээрин баса белгилейм!

Бизде ачыла турган болсо, коррупциянын, мыйзамдагы уурулардын, ОПгнын эле күнү тууйт.
Жалпы Элге эч пайдасыз болот!

Сунушталган козино мыйзамы дагы, курулат деген “Асман” шаары дагы баары эле бир эки кызыктар топ үчүн эле жасалып жатканы айдан ачык.

“Асман” шаары Кыргыз Элинин шаары эмес, Бир эле Крим Төбөлгө кызмат кылган, казино шаары болот.

Мурун бандиттер бийликтен сырткары болсо, азыр чечим кабыл алуу деңгээлине чыгып, бандиттер, аферистер мыйзам чыгартуу аркылуу баарын өздөрунө ыңгайлаштырууда.

Бул нерсе бизди туңгуйука алып барат.
107 views13:17
Ачык / Комментарий
2022-05-23 16:17:49 Казино боюнча.(аягына чейин оку)

Мына, башка өлкөлөо деле казинолорду иштетип жатышат.
Байлык алып келүүдө, бизде иштетип байыйбыз - деп жатышатго биздин Жапаровтор, эми аларга:
Казиного уруксаат берилген, аябай тез өнүгүп жаткан, курорттук шаар Батумиден, Грузия өлкөсүнөн жооп:

Батуми кантип тез өнүгүп жатат, казинонун өнүгүүдө салымы кандай, алар кандай шартта иштешүүдө.
Өлкөгө пайда алып келүү үчүн кандай эрежелер жана шарттар керек экенин бир экөөсүн жазайын, а сиз болсо салыштырып, баамдап, өзүңүз чечим чыгарыңыз.

Батумиде өнүгүү жана казиного уруксат берүү Саакашвили келгенде башталган.

Бирок, ал уруксаат бергиче көп реформа жасаган, мурунку калыптанган системаны түп тамыры менен өзгөрткөн.

Ал кандай реформалар болгон:

1. Сот реформасы жасалып, соттор көз карандысыз иш алып бара баштаган!
Бул абдан маанилүү жана биринчи кадам болгон.
Сотторду тандап алуу эрежеси өзгөргөн. Саакашвилиге чейин сотторду президент дайындап жана кызматтан алса, Саакашвилинин конституциялык реформасынан кийин сотторду атайын - юстиция кеңеши тандап калган.

Ошону менен президентке да баш ийбеген, керек болсо президенттин өзүн соттойм деген эркин, күчтүү соттор келген.
Ошол маалда атактуу Юстиция имараты да курулган.
Сот бийлиги ушунтип чын эле күчтүү бийликке айланган.

А бизде сот бийлиги жана соттор кандай экенин жакшы билесиңер да э?

2. Аткаруу бийлигин түп тамыры менен өзгөрткөн жана жаңы адамдарды алып келген, айлык акыны көтөргөн.
Анын ичинде укук коргоо органдарын тыкыр реформа кылган.
Бир маалда баардык укук коргоо (полиция) кызматкерлерин кызматтан кетирип, ар бирин экзамен менен кабыл алып, айлыктарын аябай көбөйткөн. Баардык шартты түзгөн. Чыныгы иштейм деген, булганбаган, таза кадрлар келген.
Он миңдеген мурунку кызматкерлер жумушсуз калышкан.
МЧС, прокуротура,полицияда болгон реформанын айынан 50 миңден ашуун кызмат орду кыскарган.
Азыр сурамжылоонун жыйынтыгында 80% калк полицияга ишенет.
Грузия коопсуз өлкө индекси боюнча 125 өлкөдөн 5 орунга чыккан.

Бул деген эреже иштейт, полиция коргойт, соттор адилеттүү чечим чыгарат дегени.

А сиз биздин милицияга, сотторго ишенесизби?

Буга кошумча: Баарыбыз билген айнектен полиция имараттары курулган. Имараты эле эмес өздөрү да ачык айкын иш алып барып калган.
Патрулдук полиция брендге айланган.

3. Коррупция менен аесуз күрөшкөн.
3000 ден ашык чиновник камалган. Полиция, врач, чиновниктердин взятка алуусу жокко чыккан.
Чиновниктер уурдаса камакта өмүрү өтөөрүн, таза жана жакшы иштесе өсүү мүмкүнчүлүгү бар экенин сезишкен.

Коррупция боюнча 2003-жылы 176 өлкөнүн ичинен 127 орунда турса, Саакашвилинин реформасынан кийин 47-орунга чыккан. Италия өндүү өлкөлөрдөн да алдыга чыккан.

Бизде чын эле коррупция менен күрөш жүрүп жатат деп ишенесизби?
Коррупцияга айыпталып, кускандар депутат, чиновник болуп келип жатканына кандай карайсыз?

3. Криминалга чекит койулган.
Мыйзамдагы ууруларга, ОПГнын мүчөлөрүнө 48 сааттык эскертүү менен Грузиянын аймагынан сүрүп чыккан. Баш көтөргүс кылган.
Ага чейин Грузия криминалдын башкаруусунда болгон.

Азыр бизде кандай болсо буларда илгери ушундай болгон

А бизде кимдер башкарып жатканын күбүр шыбыр болуп айтылып жататго?
Азыр эң эле күчкө ээ ким экенин жакшы билесиңерда?!

4. Эми казино боюнча.
Казино ачуу үчүн лицензия алуу азыр 638 миң долларды түзөт. Бул былтыр эки эсе баасын ылдыйдаткандан кийин. Мурун 1,6 миллион доллар болгон.
А казинону ачуу буларга инвестиция тартуу жана өлкөгө акча алып келүү үчүн керек болгон. Грузия абдан ыңгайлуу казиного аймак.

Казино артынан дүйнөлүк атактуу отелдер өз отелдерин ачкан жана курулуштарын баштаган.

Алардын келүүсүнө жол ачкан жогорку жакта жазылган көз карандысыз сот системасы, коррупциясыз чиновниктер жана ишенимдүү, взяткасыз иш алып барган укук коргоо органдары болгон.

Кыскасы, мыйзамдар толук кандуу иштеген!
А мыйзамдар абдан эле сапатту жазылган. Аны укук коргоо органдары мыкты көзөмөлдөгөн. А мыйзам бузулса соттор адилеттүү чечим чыгарган.

А мунун баары ишенимге алып барат, а биз бийлике, сотторго, күч органдарына ишенебизби?

Мисалы мен ишенбейм.
88 views13:17
Ачык / Комментарий
2022-04-06 14:47:05 Тээ илгери окууга келгенде менда жатаканада жашадым эле.
Биздин жатакананын акыбалы мышык ыйлаардык болчу!
Кыштагы суукта жашаш мүмкүн эмес болгондо чыгып кеткем.
Вахтада тургандар менен жатакананын жетекчисинин мамилеси кулдарга мамиле кылгандай эле.
Жатакананын жарымы болсо квартиранттарга толгон.

Душ деген неме деле жок, кээ бир эле жогорку курстар өздөрү жасап алганы болбосо.

Азыр өзгөрсө керек десем, азыр деле ошол экен.

PS: Манас универинин жатаканасын бир көрүп койгула, шаардага квартиранттардын көбү да андай шартта жашабайт.

Айткандай, баардык жерде эле жаман эмес, илгери мен көргөн мамлекеттик жатаканалардан Искусство универи менен Улуттук Консервоторияныкы ортодон жогору болчу. Азыр кандай билбейм.

Улуттук универдин жатаканасынын шартын бул видеодон көрүп коюңуз.

Иии анан, акчасы болсо жатаканага жашабай эле койбойбу дегендер чыгат:
Акчасы болсо силерге айттырбай эле жашап алмак.
Азда болсо акча төлөткөн жатакана жакшы шарт бере албаса алардын эмне кереги бар?
Билим керек, билимдүү бололу дейбиз, билимге мамиле, шарт тузө албасак эмнеге анда мынча универлерди кармап, акча коротуп олтурабыз дейм да.
Кыскасы жаза берсең сөз көп!



152 views11:47
Ачык / Комментарий
2022-04-06 08:19:03 Бүгүнкү кутман таң!

Көтөрүлөт дедиңиз эле, түшүп жататго - деп нааразы болгондор бар эле.

Бул көтөрүлүп түшүү кадимки көрунүш.

Улуттук Банк кээ бирде ушунтип Элдин эсебинен пайда көрүп турат.
Буга чейин мындай көрүнүш 2018- жылы болгон.

Доллар олку солку болуп турганда УБ долларды ылдый түшүрөт, элдер паника болуп долларын сатат, УБ планын толтурган соң долларды өз эрки менен кое берип башкара баштайт.

Ошентип, Улуттук Банк доллар запасын толуктайт.
Акылы менен акчасы барлар алар менен бирге акча жасайт.

Орто до обменкаларда укмуштуудай пайда табат.

Доллар түшпөйт, көтөрүлөт.

Доллар түшүшү үчүн бизде экономикалык чудо болуп, экспорт миң/миллион эсе көбөйүп, Орусиянын рубли болуп көрбөгөндөй күчтонүп, мигранттардан жумалап миллиардтар келип баштаса гана төмөндөөсү мүмкүн. Анда дп “мүмкүн”.

Бирок аны доллар арзандады эмес, сом күчтөндү деп атайт.
Ошооо.

Моссоветтен түз кабарды бул каналдан окуп туруңуз: https://t.me/bashtan_bashta
130 views05:19
Ачык / Комментарий
2022-03-12 19:47:41 Менин кыялым,максатым Мэрди түз шайлоо м/н тандап алуу.

Эл өзүнүн шаар башкаруучусун өзү тандашы керек.
Эл менен тандалган гана башчылар Элге иштейт жана Эл үчүн туруп берет.

Сөзсүз бул кыялым жана максатым ишке ашат!
Аким,айыл өкмөтда жергиликтүү элдин тандоосу м/н келиши керек (жеригиликтүү кеңештер)!

Бийлик аймактардын өз колуна тиймейин өзгөрүү, өнүгүү болбойт!

Борбордон башкаруу, бийликти бир колго жыйуу ич жыйынтык алып келбейт.
189 views16:47
Ачык / Комментарий
2022-03-04 20:14:36
Что ждёт кыргызстанцев из-за войны в Украине?

Зависимость экономики страны от денежных переводов мигрантов из России колоссальна. Но как война в Украине и санкции против России повлияют на нас и наших мигрантов - рассуждаем в этом видео






@bashtan_bashta
210 views17:14
Ачык / Комментарий
2022-03-04 20:14:36
Украинадагы согуштун айынан бизди эмне күтүп турат?

Өлкө экономикасынын келген мигранттардын акча которуусуна көз карандылыгы абдан чоң. Бирок согуш жана каршы санкциялар бизге жана биздин мигранттарга кандай таасир этет- бул видеодо






@bashtan_bashta
164 views17:14
Ачык / Комментарий
2022-03-02 18:44:47
Данияр Аманалиев про наших мигрантов в России.

[Полная версия]


Данияр Аманалиев Россиядагы мигранттарыбыз жөнүндө.

[Толугу менен]

@bashtan_bashta
146 views15:44
Ачык / Комментарий