Get Mystery Box with random crypto!

Бир жыл мурунку ойлор: Тамашасы жок айта турган болсок, Сады | Ulan Usoiun

Бир жыл мурунку ойлор:

Тамашасы жок айта турган болсок, Садыр Жапаровдун алдында эӊ биринчи кыла турган иши бул кадр саясатын рефармолоодон баштоо.

Ал мезгилдин да элдин да талабы.

Эртеӊки дайындала турчу кадрлар өлкөнүн жана Жапаровдун тагдырын чечет.

Кыргызстанды өнүгүүгө тарта турчу бир нече эле чоӊ реформа жасоо керек, анын бири ушул.

Эми бул колунан келеби, келбейби чоӊ суроо.
Биринчи жүз күндүктө баары алаканга салгандай көрүнүп калат.

Бул кадрларды Жапаров алып келген жок деп чыгышыӊар мүмкүн, бирок тилеке каршы андай эмес.
Азыр Ак Үй менен Өкмөт үйүндө «чымындагы» Садыр авабыздын уруксааты жок учпайт.

Ананда Жапаров баардык боло турчу жана болбой турчу маселенин баарына керт башым менен жооп берем деп, ант берүүсүнө да баса белгиледи.

Демек, тээ алыстагы айылдын айыл өкмөтү ыш кыла албай же туура эмес иштерди жасап жатса да Садыр ава жооп берет.

А ЭЛ талап коюп, көзөмөл кылганды кана билүүсү керек.

Анткени, Президент ЭЛДИН КЫЗМАТКЕРИ, мындайча айтканда ЭЛДИН КУЛУ.

Эл иштеп бердеп тандашты, ишин аткарышы үчүн айлык акы берип, салык төлөө менен багып жатат.

Элдин берген каражаты менен ишенимин актаӊыз Садыр ава!)



Жапаровго эмнеге каршысың дегендерге:

Садыр авага эч ким каршы эмес!

Болгону анын мыйзамсыз иш аракетин, калпын, куру убадасын эле айтып коюп жатабыз.

Айтылгандын баары далилдүү.
Ушактап же артынан сөз кылганыбыз жок.

Туураны туура, туура эмести туура эмес деп айтканды билели.

Чыныгы лидер болсо сын пикирге терикпей, кабыл алат, чыйралат, оңолот, өзгөрөт.

#башта
#баштанбашта