Get Mystery Box with random crypto!

Азыр Кыргыз өлкөсүнүн туура жолго багыт алуусуна, өнүгүп-өсүүс | Ulan Usoiun

Азыр Кыргыз өлкөсүнүн туура жолго багыт алуусуна, өнүгүп-өсүүсүнө өбөлгө боло турчу эч бир “видениеси” жок.

Ал Садырда да, оппозицияда да, башкасында жок. Балким бар, бирок эч бирөө элге татыктуу жеткире алган жок. Баары өзүнүн жеке амбициясы менен алек.

Азыр жарандар “максатка, идеяга” байланбай, бир адамга үмүт, ишенип артып жашап калды.

А ошол адамдар мен келсем эле кыйратам, жыргатам, өнуктүрөм, өстүрөм деп, элдин башын куру убада менен айлантым бийлике келишүүдө.

Мунун арты жакшы менен бүтпөөрүн баары билишет.

Демек эмне кылуу керек?

Өлкөнү өзгөртөм, Кыргыз элин жыргатам десең, “Мен эле бийлике келишим керек дебей”,
өзгөрүү алып келе турчу жолду көргөзүп, элге
“видение” сунушта.
Ал жөн эле куру убада, сөз эмес,

ар бир кадамы элге тушүнүктүү, жеткиликтүү, реалдуулка коошкон “видение” болуусу керек. Анан ошону ар бир жаранга жеткир.

Аны түшүнгөн эл, кимиси келсе да талап кылганга үйрөнөт, Ташматпы, Айшабы доолап алат. Көзөмөл кылат.

А азыр жалпы эл келечекти көрө албагандыктан, бир адамды эле карап турушат. Ал адамы да бир күнү кетет, видениеси жок эл дагы башка адамды табышат, ага үмүт артышат,
анан ушунтип эптеген жашоо улана берет.