Get Mystery Box with random crypto!

Alleya🕊️

Telegram каналынын логотиби alleya1 — Alleya🕊️ A
Telegram каналынын логотиби alleya1 — Alleya🕊️
Канал дареги: @alleya1
Категориялар: Цитаталар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 12.63K
Каналдан сүрөттөмө

Сүйүүнүн, бакыттын, эскерүүлөрдүн аллеясы.✨
Күндөлүгүм✍️

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

0

1 stars

0


Акыркы Кабарлар 13

2022-08-27 15:26:40 Өмүр бою бирөөгө өзүн, бирөөнү өзүнө салыштырып өтүшөт. Бара-бара салыштыруу атаандашууга айланат. Керек эмес буюмду кошунасы алгандыктан сатып алат. Керек эмес жерге курбусу баргандыктан барат.
Атаандашуу акырындап көрө албастыкка айланат. А көрө албастык - оору. Физикалык жактан да, моралдык жактан да сени майып кылат.
Мыкты адам көрдүңбү? “Кандай керемет адам”-деп суктанып кой. Сен ага атаандашканыңда, көрө албаганыңда каршыңдагы адам баарын сезет. Канчалык беткап кийбе, күлүп сүйлөбө, сага ачылып сүйлөбөйт.
Салыштырууну токтот. Өзүңө берилген жөндөм менен өз жолуңду ула

- Аллея.
4.0K viewsedited  12:26
Ачык / Комментарий
2022-08-27 15:23:27 Өзүңдү башка бирөөгө салыштырба…
Ооба, салыштырба. Мага да, курбуңа да, белгилүү адамдарга да салыштырба.
Салыштыруунун арты - атаандашуу. Атаандашуунун арты - көрө албастык.
“Мен сага караганда жакшы жумуш жасайм. Мен сага караганда жакшы акча табам. Мен сага караганда жакшы кийинем. Мен сага караганда жакшы кызмын|баламын. Мен сага караганда жакшы жубаймын|жолдошмун…” жана башка иш-аракеттерди мыкты экендигиңди далилдөө үчүн жасап каласың. Эгер ата-энеге жакшы бала болгуң келсе, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн аракет кыл. Жакшы түгөй болгуң келсе, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн аракет кыл. Ар бир адамды уникалдуу кылып жараткан. Досуңа|курбуңа башка талант, сага башка талант берилген.
Мага жакпаган адамдардын бири - өзүн мага, мени өзүнө салыштыргандар. “Көрдүңбү? Сенден жакшы жасадым. Карачы, сен калып калдың” же “Эмнеге сенде болот, менде эч болбойт?” деген сөздү айткан адамдар менен мамиле кылгым келбейт. Мындай типтеги адамдар өзүн да, мени да баалай алышпайт….
4.1K views12:23
Ачык / Комментарий
2022-08-26 20:31:12 Эмоция чыгаргандан коркпочу. Укпа башкаларды. Эгер ыйлай алсаң, маанайың чөгүп, кайра көтөрүлсө. Чындап кубана алсаң, бактылуу боло алсаң, бул сенин алсыз экендигиңди эмес, тирүү экендигиңди, ичиңде боштук эмес, адам бар экендигин айтып турат.
Чек араларыбвз бузулганда ачууланабыз. Кыйкырабыз, урушабыз. Бул биздин жаман адам экендигибизди эмес, бизге карата жасалган мамиленин туура эместигин көрсөтөт.
Күчтүү болуп көрүнөм деп кыйналба. Ким үчүн? Кошунаң үчүнбү? Эл, тууган-урук, дос-душман үчүнбү? Эмне таптың ушул убакка чейин башка бирөө болуп көрүнүп? Эч нерсе…
“Мурдагы өзүмдү сагындым…”-деп каласың го. Ошол мурдагы абалыңа кайра бар. Өзүң бол….
5.0K views17:31
Ачык / Комментарий
2022-08-26 20:27:32
Биз өзүбүз каалагандай жашай албайбызбы?…

Төрөлдүң. Эч нерсе түшүнбөйсүң, сүйлөй албайсың, эч кимди тааныбайсың.
10 күн өттү, 20 күн, 1 ай, 3 ай, жарым жыл, 1 жыл…
Эми көп нерсени аңдап, байкап баштаганда эле сага көптөгөн тыюу салуулар, “болбойт”, “уят” деген сөздөр айтылат.
Ыйлайсың, “Озондобой оозуңду жап, уят. Ыйлаба!”-дешет. Бала ооруп жатабы, бир нерсе жакпай жатабы, себеби эмне? Эч ким кызыкпайт.
Бактылуу болуп, каткырып күлсөң, дагы уят. Бир нерсеге кабатыр болуп, маанайың жок, кабак бүркөп жүрчү. “Жактырбады дешет, күлүп тур!”-дешет.
Айтор, сенин сезимиң, эмоцияң менен эч кимдин чатагы жок.
-Башым ооруп жатат.
-Оорубайт.
-Ыйлагым келип жатат.
-Сага эмне жетпей жатат?
-Чарчадым.
-Шылтооңду койчу. Жумушту жаса!
-Эс алалыбы?
-…
Байкадыңызбы? Биздин коом эмоция, сезимдерди сыртка чыгарбаган роботторду чыгарып жатат.
-Баарыбыз эле ушундай жашайбыз. Элдин көзүнчө ыйлаба, күлбө, жиндилик кылба… Тиги бу.
5.3K viewsedited  17:27
Ачык / Комментарий
2022-08-13 15:30:03
14.4K views12:30
Ачык / Комментарий
2022-08-13 15:29:49
13.5K views12:29
Ачык / Комментарий
2022-08-01 18:18:38 Ар нерсе угуп аттым ал жөнүндө макул болушуптур эки жак, ошондо да мени мн суйлошконун токтотподу, көңүлгө жакпады деди, кийин жумушуна көлгө кетип калды.жакшы көргөн адамды сынап нары жак бери жак кылмайын ишенбейт элем.9-март түнкү саат 12 .Урушуп кеттим жакшы кором сени мага турмушка чык дей бергенине ишенбейт элем,мага жагат эле, мүнөзү, сабыры, кыялы, Сөздөрү орундуу эле.

3 ай сүйлөшпөдүк, акыркы күндөрү чоочун номер кандайсын деп жазат, жакшы кимсиң десем жооп бербейт 2-3жолу ошентти.Кийин жиниң келип атабы деди ооба кимсин десем бул номер мн жазат элемго деди чоочун номерди гетконтакттан карадым Э , билдим билмексен болуп ошентип коюп аттым, мамиле кыл мурдагыдай турмушка чык дей баштады антпесе телефондрн суйлошконубуз мн 1 жолу жолукканбыз, кыялын айтып баштады , сөйкө салып коёюн деди жок быйыл эмес дедим макул деди , үйүндөгүлөрү баары билди , шунтип жазса башкача болорет элем,ишенчи эмесмин алдап атат койчу деп, ата энеси 1 жолу келди болбой койдум ,апам да келди ушинтип сүйлөшөт экенсиң го деди шок болдум чоочудум башкача сезимдер болбой коюп кетишти, кийин сүйлөшүп атам шу мн алам дептир, Апам болбой койду,кой 10 жаш болбойт кк ги жок деди ,жок кыл сүйлөшпө деди.Макул дедим бирок жоолугуп , телефондрн суйшошконуму токтотподум. Дагы келди 2-жолу апам макул болсо берем деди,анча каршы болду бирок .башында ий шундай балага тийсем деп кыялданып койдум.
Жагат эле. Келечегин айтат, ичпейт, чекпейт эле.

Эми ушул балага турмушка чыгып атам, сентябрда 10 жаш улуу.Жашы билинбейт, эркелетип,кам көрүп жүрөт , мен тийбейм десем кийин ки жылы деп үйүндөгүлөрү келгенден кийин, алып кетебиз дешти эле мунун да ою бузулуп күз деп токтоп калдык.

Жок деп болбой койсом мындай адамды таппайт элем,мени сыйлаган ,баары үчүн туруп берген, сүйбөйт элем жакшы корот элем,эчкимге ыраа көрбөйт элем,бирок тийгим келчу эмес,азыр.

Апамды да кыя албай жүрдүм, көп каршы болду, кийин макул болуп, башында кыялданып койгон балага турмушка чыгып жатам , сүйүнөм.

Кичинекей кыздай эркелетип жакшы карайт,ошонусуна да макул болдум,айтпаганы калган жок,ыйлады.Макул болдум.Жакында тоюм буйруса.

Ошол,баарынарга тунук сүйүү каалайм! Бактылуу болгула!

#окурманданкат
20.9K views15:18
Ачык / Комментарий
2022-08-01 18:16:35
Мен да болуп жаткан окуямды айтып берейин.
Декабрь.Ал жазды "кандайсын"деп жакшы кимсиң дедим,менин атым "Э" ,сен жөнүндө маалымат уктум ,окуп иштейт экенсиң поварда деди,анан десем үйлөнүү максатында жазып жатам жылым 93 ,мен чоочудум мен 18 де өзүмдөн 10 жаш улуу.Алар мага чооң көрүнөт эле,шок болгом уятко деп, эжеси номеримди берип коюптур, жакшы кыз экен мага жакты сүйлөшүп көр деп, эжесин да тааныбайм.Жумушта иштеген эженин келини болот экен.Жазып жүрдү андай , мындай деп көңүл бурган жокмун, сразу эле айткам картаң экенсиз,10 жаш улуу уялбайсызбы деп . Шонтип жазып коюп жүрө берди күндө суйлошо баштадым 2-3-4 танкы саатка чейин сүйлөшөсүз,жумушун ,не болгонун айтып кечке сүйлөп берет эле.Кийин жакшы көрөм,мага турмушка чык деди,мен ишенбедим жакшы бала экенин билет элем.Сынадым ,жакпай калды, сөздү ойлонуп сүйлөйт эле.Муну баары үйлөн дешип кыз табышатле, көңүлү туура келбептир, мен мн мындай сүйлөшүп жүрүп 1 кызга барды ал кызды тааныйм мени мн тен.Нерв болдум 3 күн.
15.1K views15:16
Ачык / Комментарий
2022-07-31 10:30:31
14.7K views07:30
Ачык / Комментарий
2022-07-31 10:29:51
14.3K views07:29
Ачык / Комментарий