Get Mystery Box with random crypto!

Эмоция чыгаргандан коркпочу. Укпа башкаларды. Эгер ыйлай алсаң | Alleya🕊️

Эмоция чыгаргандан коркпочу. Укпа башкаларды. Эгер ыйлай алсаң, маанайың чөгүп, кайра көтөрүлсө. Чындап кубана алсаң, бактылуу боло алсаң, бул сенин алсыз экендигиңди эмес, тирүү экендигиңди, ичиңде боштук эмес, адам бар экендигин айтып турат.
Чек араларыбвз бузулганда ачууланабыз. Кыйкырабыз, урушабыз. Бул биздин жаман адам экендигибизди эмес, бизге карата жасалган мамиленин туура эместигин көрсөтөт.
Күчтүү болуп көрүнөм деп кыйналба. Ким үчүн? Кошунаң үчүнбү? Эл, тууган-урук, дос-душман үчүнбү? Эмне таптың ушул убакка чейин башка бирөө болуп көрүнүп? Эч нерсе…
“Мурдагы өзүмдү сагындым…”-деп каласың го. Ошол мурдагы абалыңа кайра бар. Өзүң бол….