Get Mystery Box with random crypto!

Өзүңдү башка бирөөгө салыштырба… Ооба, салыштырба. Мага да, ку | Alleya🕊️

Өзүңдү башка бирөөгө салыштырба…
Ооба, салыштырба. Мага да, курбуңа да, белгилүү адамдарга да салыштырба.
Салыштыруунун арты - атаандашуу. Атаандашуунун арты - көрө албастык.
“Мен сага караганда жакшы жумуш жасайм. Мен сага караганда жакшы акча табам. Мен сага караганда жакшы кийинем. Мен сага караганда жакшы кызмын|баламын. Мен сага караганда жакшы жубаймын|жолдошмун…” жана башка иш-аракеттерди мыкты экендигиңди далилдөө үчүн жасап каласың. Эгер ата-энеге жакшы бала болгуң келсе, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн аракет кыл. Жакшы түгөй болгуң келсе, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн аракет кыл. Ар бир адамды уникалдуу кылып жараткан. Досуңа|курбуңа башка талант, сага башка талант берилген.
Мага жакпаган адамдардын бири - өзүн мага, мени өзүнө салыштыргандар. “Көрдүңбү? Сенден жакшы жасадым. Карачы, сен калып калдың” же “Эмнеге сенде болот, менде эч болбойт?” деген сөздү айткан адамдар менен мамиле кылгым келбейт. Мындай типтеги адамдар өзүн да, мени да баалай алышпайт….