Get Mystery Box with random crypto!

Өмүр бою бирөөгө өзүн, бирөөнү өзүнө салыштырып өтүшөт. Бара-б | Alleya🕊️

Өмүр бою бирөөгө өзүн, бирөөнү өзүнө салыштырып өтүшөт. Бара-бара салыштыруу атаандашууга айланат. Керек эмес буюмду кошунасы алгандыктан сатып алат. Керек эмес жерге курбусу баргандыктан барат.
Атаандашуу акырындап көрө албастыкка айланат. А көрө албастык - оору. Физикалык жактан да, моралдык жактан да сени майып кылат.
Мыкты адам көрдүңбү? “Кандай керемет адам”-деп суктанып кой. Сен ага атаандашканыңда, көрө албаганыңда каршыңдагы адам баарын сезет. Канчалык беткап кийбе, күлүп сүйлөбө, сага ачылып сүйлөбөйт.
Салыштырууну токтот. Өзүңө берилген жөндөм менен өз жолуңду ула

- Аллея.