Get Mystery Box with random crypto!

Биз өзүбүз каалагандай жашай албайбызбы?… Төрөлдүң. Эч нерсе | Alleya🕊️

Биз өзүбүз каалагандай жашай албайбызбы?…

Төрөлдүң. Эч нерсе түшүнбөйсүң, сүйлөй албайсың, эч кимди тааныбайсың.
10 күн өттү, 20 күн, 1 ай, 3 ай, жарым жыл, 1 жыл…
Эми көп нерсени аңдап, байкап баштаганда эле сага көптөгөн тыюу салуулар, “болбойт”, “уят” деген сөздөр айтылат.
Ыйлайсың, “Озондобой оозуңду жап, уят. Ыйлаба!”-дешет. Бала ооруп жатабы, бир нерсе жакпай жатабы, себеби эмне? Эч ким кызыкпайт.
Бактылуу болуп, каткырып күлсөң, дагы уят. Бир нерсеге кабатыр болуп, маанайың жок, кабак бүркөп жүрчү. “Жактырбады дешет, күлүп тур!”-дешет.
Айтор, сенин сезимиң, эмоцияң менен эч кимдин чатагы жок.
-Башым ооруп жатат.
-Оорубайт.
-Ыйлагым келип жатат.
-Сага эмне жетпей жатат?
-Чарчадым.
-Шылтооңду койчу. Жумушту жаса!
-Эс алалыбы?
-…
Байкадыңызбы? Биздин коом эмоция, сезимдерди сыртка чыгарбаган роботторду чыгарып жатат.
-Баарыбыз эле ушундай жашайбыз. Элдин көзүнчө ыйлаба, күлбө, жиндилик кылба… Тиги бу.