Get Mystery Box with random crypto!

Alleya🕊️

Telegram каналынын логотиби alleya1 — Alleya🕊️ A
Telegram каналынын логотиби alleya1 — Alleya🕊️
Канал дареги: @alleya1
Категориялар: Цитаталар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 12.63K
Каналдан сүрөттөмө

Сүйүүнүн, бакыттын, эскерүүлөрдүн аллеясы.✨
Күндөлүгүм✍️

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

0

1 stars

0


Акыркы Кабарлар 6

2022-12-22 05:15:06
Жакшы бир түш бар. “Түш эмес, чындык болсочу”-дейсиң. Ойгонгуң келбейт уйкудан. Ойгонсоң да ошол түштүн улануусун каалайсың.
Жаман бир түш бар. Чындык сымал. Ойгонгон соң “Түш экен, шүгүр”-дейсиң…
Жашоодо жаман бир моменттер болот. “Эх, ушунун баары түш болсочу”-дейсиң…
3.2K viewsedited  02:15
Ачык / Комментарий
2022-12-20 19:46:51 Телефонсуз кат алышкан заманда жашагым келет. Силерде да ушундай кыял барбы?
Эээч орундалбасын билсең да, аябай элестетип кыялданасың.
Азыр эмнеге сүйүүнүн кадыры кетти? Эмнеге мурдагыдай мамиле, сүйүүлөр бекем эмес?
Мурда жактырган кызын көрүү үчүн айыл аралап, кыздын эшигин шыкаалап, караанын көрсө сүйүнүп, сүйлөшпөсө да ыраазы болуп үйүнө кайтчу жигит.
Сезимин билдирүү үчүн каттар жазып, каттын жообун айлап күтүшчү. Айтор, кыз жигиттер үчүн кол жеткис эле. Ошондуктан да сүйүүлөр бекем болсо керек э?
Азыр баары оңой.
Кыздын сүрөтүн көрөт. Подписка болот. Реакция жөнөтөт. “Привет”-дейт. Жооп жазбаса, башка кызга)
3.1K views16:46
Ачык / Комментарий
2022-12-20 19:36:29 20-кылымдын башында төрөлсөк, Айтматовдун каармандары болмок белек, ким билет?)
3.3K viewsedited  16:36
Ачык / Комментарий
2022-12-20 19:34:19
3.3K views16:34
Ачык / Комментарий
2022-12-20 12:43:01 Коп убакыт ойлонуп журдум, окуумду да окубай койдум кайда журсом да, Кийин эмне болот? деген суроо мээмди жейт эле. Окуумда да баары билип буткон мени алып качып, бирок мен келе бергенимди. Бир мугалимдин кошунасы алып качкан экен, корсо ошол мугалим эжей кайсы группага кирсе да айта бериптир. Ииий эми ойлонгонуму айтпай эле коёюн 1 апта ордумдан тура албай ооруп жатып калдым, итирейип арыктапда кеткен элем. Анан бара бара унута баштадым. Окуумду буттум, жумушка кирдим анаан менин суйуктуу жолдошум пайда болду. Менин кыялымдагыдай мунозу менен мени чаап алды Озумчо тоготпой жургонмун башында, а жолдошум кундо 3 маал жумушка барчу (завтрак, обед, ужин алып келип берчуда ) сыртка чыкпай койсом берибирчу бироолордон. Жашынып корунбой уйго кетип калсам уйго барып кутот болчу 23:00, 00:00 чейин менин уй боломдун баарысы таанып бутушкон эле чыгып койчу тигинин келди деп апам кулот эле чыкпасам варотабыздын жанындагы терек, талдарга балмуздак, шоколад илип кетчуда

Бир куну жумуштан маанайым жок чыгып каттуу суйлоп койгонмун, унчукпай маанайы тушуп калып калган. Корсо апама барып менин колумду сурап (атам каза болуп калган) андан кийин мага жолукканы келген экенда, аны мага кечки тамакта апам айтып атпайбы, "мага жолукту"-деп Ичимден бир суйуном, "мен кыялданган бала экен "- деп, себеби жолдошум телефон чалбайт эле живой озу келет эле ар дайым . Дальше айтсам озунчо эле романтика, жомок Ошентип баш коштук, кыздуу болдук. Жолдошум мен жонундо баарын билет, озум айтып бергем. Мага мурункун кызыктырбайт, эн негизгиси азыр мени менен чогусун деген бирда жолу мага унун которуп суйлогон эмес. Кудайыма чексиз шугур кылам ар дайым мени жолдошума жолукьурганына.

Айтайын дегеним КЫЗДАР СИЛЕРДИ АЛЫП КАЧЫП КЕТИШСЕ, ЭГЕРДЕ СИЛЕРГЕ ЖАКПАЙБЫ ЖЕ АЛ АДАМДЫ ТААНЫБАЙСЫНАРБЫ ДАРОО КЕТКИЛЕ ЭЧНЕРСЕНИ ОЙЛОНБОГУЛА, ЭЧНЕРСЕНИ КАРАБАГЫЛА, ЭЧНЕРСЕДЕН КОРКПОГУЛА! Кийин кандайына жолугам деп калып калбагыла. АЛЛАХ баарын билет озу жай жайына коюп коёт. Тенинерди кезиктирет. Ардайым жакшы ниет кылгыла, мен коп тилейт элем бойдок маалымда, тилегенимди 2 эселетип берди Жаратканым "Эл эмне дейт?"- дебегиле эл айтат экен унутат экен. Эн кызыгы мен озумдун мектептеги мугалим эжейиме келин болгонмун, озумдун айылыма эле турмушка чыкканмын

#окурманданкат
3.0K views09:43
Ачык / Комментарий
2022-12-20 12:42:34
Салам! Мен сен курактуу кызмын (учурда бир дуйнодо тендеши жок кыздын энеси, мыкты эркектин суйуктуу жубайымын ) Сенин окурмандарындын копчулугу бойдок кыздар болушу мумкун,ошондуктан озумдун жашоомдон ушул алып качуу темасында жаза кетейин деп чечтим. Мени 19 жашымда 3 жолу алып качышкан. Мен 1 жолу коргон бала жана таптакыр мен корбогон балдар алып качышкан. Бириси мененда кыз жигит болуп жургон эмесмин, негизи жигиттер менен суйлошчу эмес элем. Мени 1-алып качышканда эле апамдар кайтарып алып келишкен, бирок ойлонот экенсин элдер укса эмне дейт? Туугандар укса эмне дешет. Кийин мага жуучу келсе, кошуналар бул кызды алып качып алып кайра алып келип коюшкан деп билип билбей мени жаман атка кондурушсачы деп ойлонуп аябай стресс болгонмун. Кийинки алып качышканда да уйумдогулор алып келишкен апам мага жаккан жок жуздорунон жылуулук таппадым деп. Энелер негизи баарын билишет экен.
3.0K views09:42
Ачык / Комментарий
2022-12-18 21:40:54 Грипп болгондор көп азыр. Ошондуктан грипптен айыккан соң организмде кандай өзгөрүү болот, жазгым келди.
-Алсыздык. Мурдагыдай продуктивный болуп, ресурста жүрө албайсыңар.
-Эмоционалдык абалы начарлайт. Неуверенность, өз оюн жеткире албоо пайда болот.
-Табиттин жоголуусу.
-Баш оору, баш айлануу.
-Жара в теле.

Эгер айыккан соң моиивация жок отуруп калсаңар, өзүңөрдү жаман көрбөгүлө. Мага окшоп аз ооругандарга бул чооң стресс + кожа бузулуп баштайт оору убагында.
Өзүмдөн ушуларды байкап жазып койгум келди. Врач мн кеңешип, нормалдуу көрүнүш экендигин билдим. 2-3 жумада тамактануу, уйку режимдерин жөндөп, калыпка келсек болот.
Өзүңө жакшы кара
1.0K views18:40
Ачык / Комментарий
2022-12-15 09:51:09
2.9K views06:51
Ачык / Комментарий
2022-12-06 12:31:20
Бишкектен Ошко учкан күн эске түштү.
Биздин катарда жашы 60ка таяп калган 3 эже отурду. Учак өйдө көтөрүлсө, үчөө чогуу кыйкырышат. Кайра бири-бирине карап алып каткырып күлүп алышат. Ошко конгончо сүйлөшүп, күлүп, корккондо кыйкырып келишти. Үч курбу учакка биринчи жолу чыгышкан экен.
Каткырып күлүшсө, мен кошо бактылуумун. Баарыбызга ушундай курбуларды буюрсунчу, карылыкта да жаныбызда болгон
3.7K views09:31
Ачык / Комментарий
2022-12-02 14:04:42
Сага алып барсын бул узун жолдор…
3.1K views11:04
Ачык / Комментарий