Get Mystery Box with random crypto!

Alleya🕊️

Telegram каналынын логотиби alleya1 — Alleya🕊️ A
Telegram каналынын логотиби alleya1 — Alleya🕊️
Канал дареги: @alleya1
Категориялар: Цитаталар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 12.63K
Каналдан сүрөттөмө

Сүйүүнүн, бакыттын, эскерүүлөрдүн аллеясы.✨
Күндөлүгүм✍️

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

0

1 stars

0


Акыркы Кабарлар 2

2023-06-20 09:05:42 *Өзбек киносун бакыртып коюп алган чоң апа, мультфильм көргөн жаш бала, уктап бара жаткан жаштар. Москвадан үйүнө кайткан келин. Жолдон кошулуп алып, тик туруп бараткан кишилер.
Автобус, маршруткага түшпөгөнүмө көп болду эле. Элдин аурасы башка. Өзгөргөн. “Президент күнөөлүү. Депутат жаман”,-деген сөздөр жок. Ушакташкан аялдар жок. Жаштардын көпчүлүгү телефон менен (мага окшоп :)…

*Үйдөгүлөр сагынып, мени чакырышты. Баратам. Күн ысык.
“Сени тосуп алганы баратабыз”-деген билдирүү келди. Сонун сезим. Сени күткөн адамдардын бар экендиги.

*Көптөн бери Баткенге көчүп, өзүбүздүн шаардын жаштарынын башын бириктирип, жакшы проекттерди баштагым келип жүрөт. Мен го даярмын. Башкаларчы?)
7.1K views06:05
Ачык / Комментарий
2023-06-19 15:37:13
Өз дүйнөм бар экендигине, өз оюм бар экендигине, эч кимден көз каранды эмес экендигиме жана мага берилген мүмкүнчүлүктөргө ыраазымын.
7.5K views12:37
Ачык / Комментарий
2023-06-19 15:23:31 Жайлоодо биринчи жолу түнөдүм. 10 күн жайлоодо жашоо керек экен.
Эрте менен ойгонгон өзүнчө керемет турбайбы. Бир палатканы көтөрүп алып, эң жакын адамдарыңдын бирөөсүн шерик кылып, салкын жерге барып, уктай турган жер экен Сары-Ой…
7.3K views12:23
Ачык / Комментарий
2023-06-19 15:20:25 Каарманда пайда болгон ойлор:

*Кыргызстанды өнүктүрүүнү кааласаң, чет өлкөнүн экономикасына эмес, өзүбүздүн экономикабызга иште.

*Кайсы шаарда, айылда төрөлсөң, ошол жерде өнүккөнгө аракет кыл. Мүмкүнчүлүк чоң шаарларда гана эмес.

*Тажрыйба үчүн чет өлкөгө чык. Бирок өлкөңө кайт. Бош кайтпа, идея, жаңы ойлор менен кайт.

*Бардык нерсе майдадан башталат. Асмандан миллион түшүп калуусун күтпө.

*Өзүңдү баала. Өз билимиңди баала.

*Чөйрөңдү изде. Тазала.

*Токсик адамдар сендеги өзүңө болгон ишенимди азайтат.

*Эч кимге суралбаган кеңеш бербе.

*Дос көрүнгөндүн баары дос эмес. Кызыкчылык үчүн жүргөн көп.

*Максатыңа жетүү үчүн кээде кээ бир нерселерден баш тартуу керек. Оюн-күлкүдөн, уйкудан же адамдардан.

*Ар бир адамдын бут кийими ар башка. Баскан жолу, ичкен суусу башка. Өзүңдү башкага, башканы өзүңө салыштырба.
8.4K views12:20
Ачык / Комментарий
2023-06-08 03:16:54 Бир адамды сагынып, түшүңдө көрсөң сүйүнөсүң. Ойгонуп кайгырасың. Эң кыйыны, сагынган адамыңдын жашабай калганы. Үнүн уга албайсың, колунан кармай албайсың, кучактай албайсың. Кечирим сурай албайсың…
12.6K views00:16
Ачык / Комментарий
2023-06-04 21:16:07 Бүгүн үйдөн такыр чыкпадым. Жумуштарды бүтүрүп алып, уктап калыптырмын. Бетиме муздак шамал тийип, жайлоодо уктагандай болдум. Көрсө ачык калган терезе, сырттагы аба-ырайынын өзгөрүүсү уйкума таасир этиптир…
Жайлоодо 10 күндөй эс алсам деп ойгондум.
14.3K views18:16
Ачык / Комментарий
2023-05-30 20:29:46
Жашоону өзүбүз татаалдаштырабыз…
-Мен сени жакшы көргөм бир кездерде.
-Мен да сени…
Андан ары үнсүздүк. Ар кимиси өз ойлору менен. “Эмнеге айтпадың ошондо? Балким баары башкача болмок?!”-дейт кыз ичинен.
“Корктум. Теңине албай коёбу деп…”-жигит ичинен муңканат.
Кызды го мейли, түшүнсө болот. Жигиттерге бир аз эрк керек. Кызга сезимин ачык айтууга, кофе же чайга чакырууга, үйлөнүүгө сунуш жасоого.
Көп сөздөр айтылбай ичте калат. Жигит өзүнчө, кыз өзүнчө азап тартып жүрө берет. Неге?)
Көп байкайм. Окурмандар арасынан, тааныштар арасынан. Мамилелер үйлөнүүгө жетпей токтойт. Жок, адаштым. Сезимдер айтылбай, мамилеге жетпей ичте калат.
Кыз турмушка чыгат. Жигит ичтен өкүнүп кала берет.
Жашоону татаалдаштырбай, коркоктук кылбай сезимдерди ачык айтсаңарчы?!
Илгерки замандагыдай тоскоолдуктар жок силерде. Болбогон таарынычтын артынан махабаттан кол үзбөсөңөр. Бул сезим баарына эле келе бербейт))
14.0K views17:29
Ачык / Комментарий
2023-05-27 19:34:49
1000 жолу сенден баш тартып, 1001-жолу кайра сага келем. Сен менин баш тарта албасымсың…
13.9K views16:34
Ачык / Комментарий
2023-05-25 22:43:08 Жакын адамын жоготкондо инсан 5-6 жылга улгая түшөт тура…
Түшүнбөгөндү түшүнүп, баалабагандардын кадырын билип, убагында жетишүү керектигин аңдаганда кеч калган болосуң. Жаныңда же энең, же атаң, же түгөйүң жок болот. Адамзат акылына келүүсү үчүн сөзсүз бирөө өлүүсү керекпи эмне?..
14.7K views19:43
Ачык / Комментарий
2023-05-14 20:22:12 Жана бир видеого көзүм түштү. Казакстанда тартылыптыр. Кебаб жасаган жигитке пранк жасайт бир блогер. Жигит Өзбекстандык экен. “20дамын”-дейт. Күнүнө 9000 тенге (1700-1800 сом) табат экен. Тапкан акчасы менен 3 эжесинин контрагын төлөйт. Көрүп көзүмө жаш келди. “Жумуш жок”-деп үйдөн чыкпаган эркектер көрсө дейм…
2.8K views17:22
Ачык / Комментарий