Get Mystery Box with random crypto!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Канал дареги: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категориялар: Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер: 3.77K
Каналдан сүрөттөмө

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 7

2022-02-16 14:36:24 Кыргызстанда 17 медициналык жеке менчик окуу жайы жабылат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстанга төмөнкүлөрдү билдирди:

Өлкөдө медицина боюнча билим берген 21 жеке менчик окуу жайы бар

Алардын ичинен төртөө гана талапка жооп берет (булар жабылбайт)

Менчик окуу жайлар олигархтар менен чиновниктерге таандык

Жабылган университеттердин студенттери башка медициналык окуу жайларга которулат, орундар жетиштүү

Оптималдаштыруу иштери 1-сентябрга чейин аяктайт

Менчик университеттерде Пакистан, Индия ж.б. чет өлкөдөн келген студенттер $3000 төлөп билим алышат

Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеш бул тармак билим бербей эле, бизнеске айланганын айткан

Өлкөдө 28 миңден ашык чет элдик студент медицина багыты боюнча билим алат.

@Sputnik_Kyrgyzstan
463 viewsedited  11:36
Ачык / Комментарий
2022-02-16 13:54:36 ​​Бишкекте автобустун жол акысын 15 сомго көтөрүү сунушталды

Мындай сунуш менен "Эко" жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясы мэрияга кайрылган. Учурда компания шаардагы тогуз каттамды тейлейт. Күнүнө линияга 120-130 автобус чыгат.

Бишкекте 1-ноябрдан тарта коомдук транспорттогу жол кире кымбаттаган.

Маршруткаларда баа 10 сомдон 15 сомго, автобус менен троллейбустардыкы сегиз сомдон 11 сомго көтөрүлгөн.

@Sputnik_Kyrgyzstan
488 views10:54
Ачык / Комментарий
2022-02-16 11:14:48
Максим Гордеев өзүнө коюлган тапшырманы эмне себептен аткара албаганын түшүндүрдү

Ал бул жолу өзүнө ийгилик буюрбаганын айтып, маанайы чөгүп турганын жашырган жок.

"Машыгуу учурунда сол тиземди оорутуп алып, эртең менен бир аз жагымсыз болуп турган. Ошого карабай таймашка чыктым. Лыжаны тебе баштаганда оорубай калат болуш керек деп үмүттөнгөм. Анткен менен дистанциянын биринчи бөлүгүн өткөн соң бутум катуу ооруп, жыгылып калдым", — деди спортчу.

@Sputnik_Kyrgyzstan
560 viewsedited  08:14
Ачык / Комментарий
2022-02-16 07:12:01 ​​ Пекиндеги кышкы Олимпиадага катышкан лыжачы Максим Гордеев ийгилик жарата албады. Ошентсе да, анын арты менен дүйнөдөгү эң ири спорттук иш-чарада өлкөбүздүн желеги желбиреп турду. Рахмат, Максим!

@Sputnik_Kyrgyzstan
623 viewsedited  04:12
Ачык / Комментарий
2022-02-16 06:08:55 ​​16-февралга карата коронавирус боюнча статистика:

54 учуру катталды (бардыгы 200 175)

207 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 193 385)

3 адам каза болду (бардыгы 2 935)

@Sputnik_Kyrgyzstan
636 viewsedited  03:08
Ачык / Комментарий
2022-02-15 15:57:47 Оң рулдуу автоунааларды өлкөгө бир шарт менен киргизүү сунушталды

Мыйзамдын долбоору ЖКнын сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылды.

Документте мындай автоунааларга "озуп өтүүдө" керек болчу монитору бар камераларды сөзсүз түрдө орнотуу талабы коюлган.

Буга чейин аталган демилге буга парламентте көтөрүлүп, министрлер кабинети менен жол коопсуздук кызматкерлери каршы чыгышкан.

Кыргызстанда 1,4 млн автоунаа бар. Анын 200 миңден ашыгы оң рулдуу.

@Sputnik_Kyrgyzstan
732 views12:57
Ачык / Комментарий
2022-02-15 14:05:04
Садыр Жапаров Кыргызстанда кураштырылган автобусту сынап көрдү. Мамлекет атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында 10 автобус сатып алат.

Жакынкы күндөрү үлгү лабораториялык сыноодон өтүү үчүн сыртына жөнөтүлөт. Андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда.

Тетиктер Нидерланды, Германия, Россия жана Швециядан алып келинет.

@Sputnik_Kyrgyzstan
723 views11:05
Ачык / Комментарий
2022-02-15 13:57:48 Акылбек Жапаров оң рулдуу унааларды өлкөгө ташып келүүнү колдобойт

Учурда парламенттин айрым депутаттары оң рулдуу автоунааларга коюлган чектөөнү алып салуу бобнча мыйзам долбоорун даярдап жатышат. Алардын айтымында, жарандар Япониядан унаа алып келе албай, Армения, Абхазия, Грузиядан сапаты начар унааларды сатып алууга аргасыз болууда.

Оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берилсе экология жакшырып, элдин да акчасы үнөмдөлмөк дешет алар. Эл өкүлдөрү кырсыктар жол эрежесин билбегендиктен болуп жатканын айтышкан.

Акылбек Жапаров буга макул эместигин билдирип, эгер оң рулдууларга уруксат бере турган болсок, Казакстан, Россия, Беларустагы эски унаалардын баары бизге толуп калат деген пикирде.

Депутаттардын идеясын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы да колдогон эмес. Жол кырсыктарынын 27% оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатканы айтылууда.

Сиз кандай ойлойсуз, оң рулдуу унааларды алып келүүгө макулсузбу?

@Sputnik_Kyrgyzstan
756 views10:57
Ачык / Комментарий
2022-02-15 11:00:35 Кыргызстан менен Тажикстан чек ара көйгөйүн үчүнчү тарапсыз чечет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, эки өлкөнүн президенттери Кытайга барганда бул тууралуу сүйлөшүшкөн.

"Тажикстан менен Кыргызстандын өлкө башчылары эки тараптын Тышкы иштер министрликтерине сүйлөшүүлөрдү баштоо тапшырмасын берген. Бир аптадан бери эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Негизи президенттер үчүнчү тараптардын кийлигишүүсү жок эле чечип аларын айтышты", — деди Жапаров.

@Sputnik_Kyrgyzstan
727 views08:00
Ачык / Комментарий
2022-02-15 09:27:33 Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыгып калды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында маселелер 15-мартка чейин чечилип бүтөт.

"15-мартка чейин тынч ажырашууну макулдаштык. Жакында президент толук маалымат берет. Биз компанияга сырттан башкаруучу катары киргенде банктык эсебинде 48 миң доллар гана болгон. Ушунчалык ири компанияда мындай жагдай түзүлгөнү кызык. Ал эми жылды 326-329 миллион долларга чейин киреше менен жаптык. Чыгымдарды алгандан кийин бюджетке 220 миллион доллар таза киреше берди", — деди ал.

@Sputnik_Kyrgyzstan
745 views06:27
Ачык / Комментарий