Get Mystery Box with random crypto!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Канал дареги: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категориялар: Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер: 3.77K
Каналдан сүрөттөмө

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 4

2022-02-26 09:41:32 Кыргызстанда доллар арзандап, алтын кымбаттады

•АКШ акчасын сатып алуу 87,3 сом болсо, сатуу — 88,3 сом.

•Еврону сатып алуу — 98,79 сом, сатуу — 100,31 сом.

•Рублдин баасы турукташууда, аны сатуу — 1,017 сом, сатып алуу 1,148 сом.

•Алтындын баасы көтөрүлүп, 1 граммы 461 сомдон сатылууда.

@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
697 viewsedited  06:41
Ачык / Комментарий
2022-02-25 21:16:37 Айпери Медет кызы Түркиядагы турнирден алтын утту

Ал финалда австриялык Мартина Кюнц менен күрөшүп 6:4 эсебинде жеңип алды.

@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
847 views18:16
Ачык / Комментарий
2022-02-25 14:48:05
Бишкекте милициянын тергөөчүсү чет элдик инвестордон 250 миң сом пара алып жатып кармалды

УКМКнын билдирүүсүндө, Түркиянын жараны 380 миң долларлык мүлкүн тарттырып жибергенин айтып милицияга арыз менен кайрылганы айтылат. Ленин райондук милициянын тергөөчүсү арызды ишкердин пайдасына кароо үчүн андан 3 миң доллар талап кылган.

@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
1.3K viewsedited  11:48
Ачык / Комментарий
2022-02-25 13:28:44 Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча эл аралык турнирде жеңилип калды

Ал мелдештин 1/8 финалдык баскычында килемге чыгып, биринчи эле беттеште бразилиялык Лаис Нунес де Оливейрага 0:8 эсебинде утулуп калды.

Бразилиялык балбан финалга чыкса, Тыныбекова коло байге үчүн күрөшө алат.

@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
900 views10:28
Ачык / Комментарий
2022-02-25 11:57:08 Украина Россия менен нейтралдык макам боюнча сүйлөшүүгө даяр. Бирок бул үчүн Киевге коопсуздук кепилдиги керек экенин Украина президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси билдиргенин РИА Новости жазды.

@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
908 views08:57
Ачык / Комментарий
2022-02-25 11:22:30 Украинадан кыргыз жарандарын алып кетүү аркеттери көрүлүүдө

300дөн ашуун жаран Укранадан чыгып кетүү үчүн кайрылганын ТИМден билдиришти.

Украинада 1357 кыргыз жараны болсо алардын 680и консулдук каттоодо турат.

Элчиликте төмөнкү ыкчам байланыш телефондор иштеп жатат
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348

ТИМдин консулдук кызмат департаменти
+996 551 312 000
+996 703 428 865
+996 709 983 465
+996 554 065 215

@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
898 viewsedited  08:22
Ачык / Комментарий
2022-02-25 08:35:03 ​​Бишкекте көчөлөрдү кытай грантынын эсебинен оңдоо иштери жекшембиден тарта жанданат. 24 көчө жарым-жартылай жабылышы мүмкүн. Мэрия айдоочуларга кайрылып, каттамдарды алдын ала пландап алууну эскертти.

@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
395 views05:35
Ачык / Комментарий
2022-02-25 07:54:31 ​​Бишкекте доллардын наркы түшө баштады. Рубль акырындык менен калыбына келүүдө.

@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
504 views04:54
Ачык / Комментарий
2022-02-25 07:46:27 Саламаттык сактоо министрлиги жабыла турган 12 медициналык окуу жайдын тизмесин жарыялады. Калган беш окуу жайда текшерүү бүткөндөн кийин чечим чыгат.

Жабыла тургандар:

•АДАМ университети
• "Авиценна" эл аралык медицина университети
•Эл аралык медицина университети
• "Роэль Метрополитен Университети"
•Кыргызстан эл аралык университети+
• "АВС" академиясы
•Эл аралык медицина жана илим университети
•Бишкек эл аралык медицина институту
•Илим-изилдөө медициналык-санитардык институту
•Кыргыз медицина-стоматологиялык институту
•Ош эл аралык медицина университети
•Эл аралык илим жана бизнес университети

Текшерилип жаткандар:

•Ала-Тоо эл аралык университети
•С.Тентишев атындагы Азия медициналык институту
•Эл аралык медицина жогорку мектеби
•ЕУ эл аралык медицина университети
•"Салымбеков университет" мекемеси

Өлкөдө 21 жеке менчик медициналык окуу жайы бар. Алар олигархтар менен чиновниктерге таандык экенин саламаттык сактоо министри билдирген.

@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
480 viewsedited  04:46
Ачык / Комментарий
2022-02-25 07:16:22 ​​Россия Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 10 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу Нур-Султанда эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда белгилүү болду.

Михаил Мишустин:

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча биздин соода жүгүртүүбүз 47%га өсүп, 2,5 млрд долларга жакындады. Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык кеңейүүдө"

Россия Кыргызстан менен достук мамилеге негизделген стратегиялык мамилелерди жогору баалайт.

Акылбек Жапаров:

Кыргызстан ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуунун алкагында интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт

Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтулат

@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
513 views04:16
Ачык / Комментарий