Канал дареги:
Категориялар:
Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер:
3.77K
Каналдан сүрөттөмө
Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod
Ratings & Reviews
Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
0
4 stars
1
3 stars
1
2 stars
0
1 stars
1
Акыркы Кабарлар 3
2022-03-01 14:01:48
Садыр Жапаров алтын алуу үчүн кезекке тургандар көбөйгөнүн айтып чыкты
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
787 views11:01
2022-03-01 13:44:55
Зеленский Украинанын Кыргызстандагы жана Грузиядагы элчилерин кеңешүү үчүн чакыртып алды. Бул тууралуу @rian_ru жазды.
Ал ал мындай чечимди эки өлкөнүн Украина кризиси боюнча позициясынан улам кабыл алган.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
755 viewsedited 10:44
2022-03-01 13:41:20
Кечээ Киевден эвакуацияланган кыргызстандыктар украин-венгр чек арасына келишти
Элчилик уюштурган автобуста жалпы 112 жаран болсо анын экөө элчиликтин кызматкерлери. Ал эми үч жаран багытын өзгөртүп, Польшага өз алдынча киришкен.
Кыргызстандыктарды украин-венгр чек арасынан өткөндөн кийин элчиликтин кызматкерлери тосуп аларын Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идирис Кадыркулов билдирди.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
770 views10:41
2022-03-01 10:38:42
Эртең менен доллардын курсу бир аз көтөрүлдү. Бирок олутту кымбаттоо байкалган жок. Моссовет акча алмаштыруучу жайларындагы түшкө чейинки абал.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
809 views07:38
2022-03-01 09:35:14
Назарбаев негиздеген "Нур-Отан" партиясы жаңы аталышка ээ болду. Мындан ары ал "Аманат" партиясы деп аталат.
Партиянын атын өзгөртүү сунушун Казак мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов киргизген. Сунушту депутаттар менен президент Касым-Жомарт Токаев колдогон.
Сүрөт @sputnikKZ
@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
828 viewsedited 06:35
2022-02-27 18:21:41
Бишкектин эки округундагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты
Биринчи май округунан Элвира Сурабалдиева 46,09% добуш алды
Свердлов округунан Абдурахманхаджи Муртазалиев 17,54% добуш менен алдыга чыкты
БШКнын маалыматына ылайык, автоматтык эсептөө урналар добуштардын баарын санап бүттү.
@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
214 viewsedited 15:21
2022-02-27 17:41:57
Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов менен жолугуп, орус армиясынын күчтөрүн өзгөчө режимде кызмат өтөөгө өткөрүүнү тапшырды.
@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
356 views14:41
2022-02-27 16:00:12
Украина Россиянын өкүлдөрү менен Беларустун Гомель шаарында жолугуп сүйлөшүү жүргүзүүгө макул болду. Бул туурасында делегациянын башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединский билдирди.
@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
522 viewsedited 13:00
2022-02-27 14:29:04
Эки округда добуш бергендер 20 пайызга жете элекСаат 16:00гө карата Свердлов округундагы шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Окууну улантыңыз
573 views11:29
2022-02-26 12:37:49
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Өлкө башчылар аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышканы айтылды.
@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
576 views09:37