Канал дареги:
Категориялар:
Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер:
3.77K
Каналдан сүрөттөмө
Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod
Ratings & Reviews
Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
0
4 stars
1
3 stars
1
2 stars
0
1 stars
1
Акыркы Кабарлар 8
2022-02-15 08:19:34
Президенттин администрациясы эки айланма жолдун долбоорлорунун схемасын көрсөттү
Түндүк айланма жолго 134 млн доллар керек (инвестор табыла элек)
Быйыл башатала турган Профсоюзная көчөсү Бишкек ― Кара-Балта унаа жолуна альтернатива болот. Узундугу 8,5 чакырымды түзгөн бул жолдун курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланары пландалууда.
Кечээ Транспорт министрлиги түндүк айланма жолдун схемасы жарыялаган.
@Sputnik_Kyrgyzstan
731 viewsedited 05:19
2022-02-15 06:03:54
15-февралга карата коронавирус боюнча статистика: 55 учуру катталды (бардыгы 200 121)
207 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 193 178)
2 адам каза болду (бардыгы 2 932)
@Sputnik_Kyrgyzstan
165 viewsedited 03:03
2022-02-15 05:48:03
Президент бүгүн иш сапары менен Чүй облусун кыдырат Сапардын жүрүшүндө өлкө башчысы аймактын өнөр жай ишканаларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышат.
Ошондой эле, жолдордун курулушунун жүрүшү менен да таанышаары күтүлүүдө.
@Sputnik_Kyrgyzstan
214 views02:48
2022-02-14 16:37:59
Алмазбек Бейшеналиев кайрадан билим берүү министри болду
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин министрликти жетектеп келген Болотбек Купешов кызматтан алынды.
Бейшеналиев 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын май айына чейин билим берүү министри болуп иштеген. 2021-жылдын июнь айында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Август айынын башында Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болгон.
@Sputnik_Kyrgyzstan
543 viewsedited 13:37
2022-02-14 15:52:03
Түндүк — Түштүк жолунда иштеп жаткан үч жумушчуну көчкү басып калды
Транспорт министрлиги окуя бүгүн, 14-февралда, саат 13:20 чамасында Балыкчы — Казарман жолунун Көк-Арт участогунда болгонун билдирди.
Учурда көчкү алдында калган бир кыргызстандык жана эки кытай жараны изделип жатат.
@Sputnik_Kyrgyzstan
554 views12:52
2022-02-14 12:27:40
Транспорт министрлиги Бишкектин түндүгүндөгү айланма жолду оңдоодон өткөрүү үчүн инвестор издеп жатат. Анда автомагистраль кеңейтилип, тротуарлар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөк курулат.
Айланма жолдун узундугу 34 чакырымды түзөт. Негизги бөлүгү төрт тилкелүү болуп, ортосуна тосмо орнотулат. Учурда жол эки тилкелүү.
@Sputnik_Kyrgyzstan
618 views09:27
2022-02-14 11:22:55
Президент менен жолуккандан кийин Сабырбек Жумабеков Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорлугунан кетти
Садыр Жапаров Жумабеков менен анын командасын эч ким куугунтуктабай турганын убада кылган.
Медициналык мекеме шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп түзүлүп, убактылуу жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Памир Муратов дайындалды.
Саламаттыкты сактоо министри менен белгилүү хирургдун тиреши февралдын башында башталган. Анда Жумабеков президент кет десе кызматын тапшыра турганын айткан.
@Sputnik_Kyrgyzstan
647 views08:22
2022-02-14 09:02:17
Молдомуса Конгантиев "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди
Опера жана балет театрында өткөн маркум менен коштошуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасы, спикер, УКМК менен ИИМдин башчысы жана коомчулук катышты.
@Sputnik_Kyrgyzstan
677 viewsedited 06:02
2022-02-14 06:14:57
14-февралга карата коронавирус боюнча статистика: 46 учуру катталды (бардыгы 200 066)
236 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 192 971)
3 адам каза болду (бардыгы 2 930)
@Sputnik_Kyrgyzstan
735 viewsedited 03:14
2022-02-13 07:22:03
13-февралга карата коронавирус боюнча статистика: 48 жаңы учур катталды (бардыгы 200 020)
238 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 192 735)
3 адам каза болду (бардыгы 2 927)
@Sputnik_Kyrgyzstan
830 views04:22