Get Mystery Box with random crypto!

Кыргызстанда 17 медициналык жеке менчик окуу жайы жабылат Сал | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Кыргызстанда 17 медициналык жеке менчик окуу жайы жабылат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстанга төмөнкүлөрдү билдирди:

Өлкөдө медицина боюнча билим берген 21 жеке менчик окуу жайы бар

Алардын ичинен төртөө гана талапка жооп берет (булар жабылбайт)

Менчик окуу жайлар олигархтар менен чиновниктерге таандык

Жабылган университеттердин студенттери башка медициналык окуу жайларга которулат, орундар жетиштүү

Оптималдаштыруу иштери 1-сентябрга чейин аяктайт

Менчик университеттерде Пакистан, Индия ж.б. чет өлкөдөн келген студенттер $3000 төлөп билим алышат

Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеш бул тармак билим бербей эле, бизнеске айланганын айткан

Өлкөдө 28 миңден ашык чет элдик студент медицина багыты боюнча билим алат.

@Sputnik_Kyrgyzstan