Get Mystery Box with random crypto!

Акылбек Жапаров оң рулдуу унааларды өлкөгө ташып келүүнү колдо | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Акылбек Жапаров оң рулдуу унааларды өлкөгө ташып келүүнү колдобойт

Учурда парламенттин айрым депутаттары оң рулдуу автоунааларга коюлган чектөөнү алып салуу бобнча мыйзам долбоорун даярдап жатышат. Алардын айтымында, жарандар Япониядан унаа алып келе албай, Армения, Абхазия, Грузиядан сапаты начар унааларды сатып алууга аргасыз болууда.

Оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берилсе экология жакшырып, элдин да акчасы үнөмдөлмөк дешет алар. Эл өкүлдөрү кырсыктар жол эрежесин билбегендиктен болуп жатканын айтышкан.

Акылбек Жапаров буга макул эместигин билдирип, эгер оң рулдууларга уруксат бере турган болсок, Казакстан, Россия, Беларустагы эски унаалардын баары бизге толуп калат деген пикирде.

Депутаттардын идеясын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы да колдогон эмес. Жол кырсыктарынын 27% оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатканы айтылууда.

Сиз кандай ойлойсуз, оң рулдуу унааларды алып келүүгө макулсузбу?

@Sputnik_Kyrgyzstan