Get Mystery Box with random crypto!

Кыргыз акындарынын ыр саптары

Telegram каналынын логотиби kyrgyzakyn — Кыргыз акындарынын ыр саптары К
Telegram каналынын логотиби kyrgyzakyn — Кыргыз акындарынын ыр саптары
Канал дареги: @kyrgyzakyn
Категориялар: Адабият
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 739

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

1

1 stars

0


Акыркы Кабарлар

2023-04-15 09:27:58 Эшек

Жаныбар эшек илгертен бери,
Жакшы сөз элден укпадың деги.
Куйругу жаман, кулагы чоң деп,
Көргөндүн баары шылдыңдайт сени.

Тамсилге кошуп далайлар жазды,
Бирөө да анча көрбөдү жакшы.
Аңкоо, макоо, жалкоого теңеп,
Арзыбас сага аттарды такты.

Чыкпады — дейсиң бир дагы даңкым,
Чыдагын чыгат, чыдамдуу жансын.
Эт, сүтүң арам болгону менен,
Күчүң бар, адал эмгегиң алтын.

Баспаган жардан туягы аттын,
Куланган жоксуң, тартынбай бастың.
Койчулар минсе ташыркап койбой,
Койчулап шагыл кырлардан аштың.

Аптапта дагы топурак күйгөн,
Өзүңдөн оор кишини минген,
Жүк-мүгү менен көтөрүп алып,
Кыдыңдап талбай жүргөнүң жүргөн.

Жеңил баа болуп келгениң жетет,
Мактоого сени келди эми кезек.
Айбандар менен укугуң тептең,
Айкыргын күчөп алп күчтүү эшек.

Байдылда Сарногоев
62 views06:27
Ачык / Комментарий
2023-02-27 14:06:35
«Чыгыш-5 кичи аймагы, 10-үй»

Үч бөлмөлүү үйгө жетип акыры,
Тогуз кабат көрүнбөгөн чатыры.
Төрт кабаттан чуркап түшүп балдарым,
Ойноп улам, лифтке түшүп жатыры

Күн чыгышты, батыш жакты караган,
Терезеден нуру үйгө тараган.
Ысык, муздак суусу агып чоргодон,
Көп кабатка ал айныбай жараган.

Баары ыңгайлуу ушу жаңы конуштун,
О, жараткан боор оорудуң-болуштуң.
Шаардыкча мен да жашоо уланттым,
Кепесинде жүргөм далай орустун.

Өмүрбек Бөкөлөев
119 views11:06
Ачык / Комментарий
2023-02-18 04:03:28 ДҮЙНӨМ ГҮЛ
Дүйнөм гүл ,соолутпагын аярлап,
Сезим гүл , оорутпагын жаралап.
Билинбей куурашына жол бербе,
Сүйүп ал , гүл дүйнөмдү жыл-айлап.

Дүйнөм гүл, бакыт сунсун сезимдер,
Сезим гүл , сага деген ийримдер.
Жүрөгүм өз ээсине байланып,
Калууга бир сен болчу себепкер.

Дүйнөм гүл , сезим менен сугаргын,
Сезим гүл ,мээрим менен курчагын.
Миң түркүн турмуш жолун бассак да,
Түбөлүк сүйүү үчүн чуркагын.

Дүйнөм гүл, күн нурундай жаркыган,
Сезим гүл , көктө жанып балкыган.
Жылдыздай көптөр сулуу болсо да,
Ай сымал сага гана арналгам.
Сен үчүн ,бир сен үчүн жаралгам.

Алтынай Таалайбекова
44 views01:03
Ачык / Комментарий
2023-01-18 11:51:40 Жигит дебейм сөзүнө турбаганды,
Адам дебейм ак эмгек кылбаганды.
Сулуу дебейм акылсыз кашын боёп,
Көлөкөдө ак бетин сырдаганды.

Тааныш дебейм сырымды билбегенди,
Тууган дебейм жаныма күйбөгөндү.
Досум дебейм кейисем кошо күйүп,
Тозогумду бөлүшүп жүрбөгөндү.

Күлкү дебейм сүйүнүп күлбөгөндү,
Сүйүү дебейм экөө тең сүйбөгөндү.
Акын дебейм айтканы насаат болуп,
Арткы муундар эскерип жүрбөгөндү

Автору:Шакен Мамбетаипова
436 views08:51
Ачык / Комментарий
2022-12-13 20:01:11 Чыңгыз жана мен

-Чыңгыз, кайда?
-Москва, Берлин, Лондондо.
-Эмнеге кетти?
-Бир маанилүү маселе болгон го.
-Байдылда кайда?
-Мал жайылган тоолордо.
-Эмнеге кетти?
-Туз берип жүрөт койлорго.
-Чыңгыз кайда?
-Прага, Парижде, Римде
-Эмнеге кетти?
-Эл аралык адабияттын
-Абалын билүүгө.
-Байдылда кайда?
-Таластагы үйүндө.
-Эмнеге кетти?
-Тамеки үзүүгө,
-Апийим тилүүгө.

-Чыңгыз дүйнөнү кыдырат
-Кыргызга сыймык жыйнайм деп.
-Байдылда тоодо отурат
-Тоолорумду кыйбайм деп
-Тоо жылмайынча
-Жылбайм деп.

Байдылда Сарногоев
4.6K views17:01
Ачык / Комментарий
2022-11-29 18:45:22
110 views15:45
Ачык / Комментарий
2022-09-18 19:58:45
Балдарың сыймыктанып турмак үчүн,
Бекем бол түбөлүккө ырдаш үчүн.
Биз сени бабалардан карыз алдык,
Келаткан келечекке урпак үчүн.
295 viewsedited  16:58
Ачык / Комментарий
2022-05-15 10:15:28
1.2K views07:15
Ачык / Комментарий
2022-05-15 07:31:24 ӨМҮРГӨ

Шамал айдап көлдүн киргил көбүгүн,
Кашка суудай мөлт дей түшкөн өмүрүм,
Жыл айланып, өткөн сайын жаштык күн
Улам сулуу, улам ысык көрүндүң.

Мива бактай жемишимен күбүлбөй
Өстүм дуулап, эртеңкимен түңүлбөй,
Ай балалык, асыл нерсе экен го
Учкан куунун канатынын күчүндөй.

Кеттим алыс, кеңдигимен кемибей,
Кери тарткан кербестикке жеңилбей,
Ай балалык, жыргал нерсе экен го
Карлыгачтын канатынын желиндей.

Жарым саат, кабак чытып кайгырбай,
Арамдыкка абийиримди алдырбай,
Өмүр деген - сергек нерсе экен го
Жаздын күнү тып-тып тамган жамгырдай.

Күлдүм ачык, бир да жерди карабай,
Досторума кылдай кастык санабай,
Өмүр деген - дайым жапжаш нерсе экен
Улам жаңы жаратылган баладай.

Билсин бизди, жаш муундар мактасын,
Эскиртпесин эстеринде сактасын,
Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс
Артыбызда өлбөй турган эл калсын.

Алыкул Осмонов
1.2K views04:31
Ачык / Комментарий
2022-04-30 10:02:13
1.4K views07:02
Ачык / Комментарий