Get Mystery Box with random crypto!

Эшек Жаныбар эшек илгертен бери, Жакшы сөз элден укпадың деги | Кыргыз акындарынын ыр саптары

Эшек

Жаныбар эшек илгертен бери,
Жакшы сөз элден укпадың деги.
Куйругу жаман, кулагы чоң деп,
Көргөндүн баары шылдыңдайт сени.

Тамсилге кошуп далайлар жазды,
Бирөө да анча көрбөдү жакшы.
Аңкоо, макоо, жалкоого теңеп,
Арзыбас сага аттарды такты.

Чыкпады — дейсиң бир дагы даңкым,
Чыдагын чыгат, чыдамдуу жансын.
Эт, сүтүң арам болгону менен,
Күчүң бар, адал эмгегиң алтын.

Баспаган жардан туягы аттын,
Куланган жоксуң, тартынбай бастың.
Койчулар минсе ташыркап койбой,
Койчулап шагыл кырлардан аштың.

Аптапта дагы топурак күйгөн,
Өзүңдөн оор кишини минген,
Жүк-мүгү менен көтөрүп алып,
Кыдыңдап талбай жүргөнүң жүргөн.

Жеңил баа болуп келгениң жетет,
Мактоого сени келди эми кезек.
Айбандар менен укугуң тептең,
Айкыргын күчөп алп күчтүү эшек.

Байдылда Сарногоев