ДҮЙНӨМ ГҮЛ Дүйнөм гүл ,соолутпагын аярлап, Сезим гүл , оорутпа | Кыргыз акындарынын ыр саптары
ДҮЙНӨМ ГҮЛ
Дүйнөм гүл ,соолутпагын аярлап,
Сезим гүл , оорутпагын жаралап.
Билинбей куурашына жол бербе,
Сүйүп ал , гүл дүйнөмдү жыл-айлап.
Дүйнөм гүл, бакыт сунсун сезимдер,
Сезим гүл , сага деген ийримдер.
Жүрөгүм өз ээсине байланып,
Калууга бир сен болчу себепкер.
Дүйнөм гүл , сезим менен сугаргын,
Сезим гүл ,мээрим менен курчагын.
Миң түркүн турмуш жолун бассак да,
Түбөлүк сүйүү үчүн чуркагын.
Дүйнөм гүл, күн нурундай жаркыган,
Сезим гүл , көктө жанып балкыган.
Жылдыздай көптөр сулуу болсо да,
Ай сымал сага гана арналгам.
Сен үчүн ,бир сен үчүн жаралгам.
Алтынай Таалайбекова