Get Mystery Box with random crypto!

Жигит дебейм сөзүнө турбаганды, Адам дебейм ак эмгек кылбаганд | Кыргыз акындарынын ыр саптары

Жигит дебейм сөзүнө турбаганды,
Адам дебейм ак эмгек кылбаганды.
Сулуу дебейм акылсыз кашын боёп,
Көлөкөдө ак бетин сырдаганды.

Тааныш дебейм сырымды билбегенди,
Тууган дебейм жаныма күйбөгөндү.
Досум дебейм кейисем кошо күйүп,
Тозогумду бөлүшүп жүрбөгөндү.

Күлкү дебейм сүйүнүп күлбөгөндү,
Сүйүү дебейм экөө тең сүйбөгөндү.
Акын дебейм айтканы насаат болуп,
Арткы муундар эскерип жүрбөгөндү

Автору:Шакен Мамбетаипова